www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешке бийликчил КСДП партиясынын тизмеси аркылуу депутат болуп келген Дастан Бекешов парламентте өзүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоп, коррупция менен күрөшкөн саясатчы катары көрсөтүп келет. Бирок, турмуш чындыгында андай болбой чыкты. Бекешов мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргогонду мындай кой, тескерисинче, алар менен соттошуп, аларды ажырымдарга бөлүп келет. Ар дайым, Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ичинде интригаларды жаратып, аларды жаатташтырып жүрөт.

Төмөнкү видеодо майыптар Бекешов депутат болуп олтургандан бери майыптар үчүн кандай мыйзамдарды жазганын, же кайсы токтомдорду кабыл алганга кол кабыш кылганын санап берүүсүн, ал мындайларды жасамак түгүл кайра трибунадан мектеп окуучуларынын ысык тамагын жоюуну, Кыргызстанга Шри-Ланка, Банлгадештин жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берүү тууралуу тескери гана пикирлерди айтканын билдирген.

2012-жылы Дастан Бекешов Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мурунку төрагасы Калык Мамбетакуновду кызматынан алдырып, ордуна өзүнүн тил алчаак досу Марат Ташбаевди койдурткан. Анысы болсо бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аталган коомдун өтө зарыккан мүчөлөрүнө эмес, өкмөт тарабынан бөлүнгөн үйлөрдү башка адамдарга берип келет. Кызыгы, Ташбаев мындай чечимдерди өзү кабыл албайт экен. “Ал болгону Бекешовдун буйругун гана аткарат” дешет коомдун мүчөлөрү. Ал түгүл Бекешов Калык Мамбетакуновдун убагында берилген үйлөрдү алып, өзүнүн адамдарына берип салганы да айтылат.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн бери өлкөдө майыптар үчүн 225ге жакын үй берилсе, 2009-жылы ушул линия аркылуу Дастан Бекешов да үй алган. Ал эми бир жылдан кийин, тагыраагы, 2010-жылы Бекешов “Ар-Намыс” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Бирок, ал майыптар коомунун башкаруучу курамынан чыкпайт. Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты кандайдыр бир коомдун башкаруучу органында, бейөкмөт уюмдарында же коммерциялык мекемелерде иштебеши керек болчу. Кызыгы, 2012-жылы Дастан Бекешов “аялым менен ажыраштым” деп майыптар коому тарабынан берилген үйдү анын атына каттатып, өзү кайра ошол эле коом аркылуу Жогорку Кеңештен үй алуу үчүн 2 миллион 700 миң сом акча алат.

“Өзү коррупция менен күрөшөлү дейт. Туура, коррупция менен күрөшүү учурдун абдан орчундуу көйгөйү. Андай болсо коррупция менен күрөшүүнү эң биринчи дал ошол Бекешовдун өзүнөн баштоо керек . Ал өзү коррупциялык иштерге аралашып жүрөт. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун ревизиялык комиссиянын мүчөсү болуп, андагы коррупциялык иштерди эң сонун билет. Бирок, өзү аралашып жатса кайдан, эмнени айтмак эле. Бекешов мамлекетти алдоо жолу менен 2 млн 700 сомго чыгашага учураткан”, - дейт аталган коомдун мүчөсү Темирлан Ормуков.

Бекешовдун майыптарга көрсөткөн кордуктары, коррупциялык иштери, саясий оюндары тууралуу бул видеодон толук тааныша аласыздар.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости