www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-июнда Бюджеттик комитеттин жыйынында казино боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланат. Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында кесиптештерине кысым болуп жатканын билдирди.

Бекешев тиешелүү комитет документти кабыл аларынан күмөн санабайт.

«Депутаттарга жакшы кысым болуп жатат. Балким, ал өтүп кетет, бат эле күчүнө кирет, ал тургай кээ бир казинолор ачылат. Бирок ошондо эл чыгып: «Биз бардыгын жабышыбыз керек!» - дешет. Бизде дайыма ушундай болот – алар адамдарды укпайт», - деди Дастан Бекешев.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбооруна кара тизме түзүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү керек. Бирок Министрлер кабинети муну каалабайт.

«Алар мыйзамдагы «кара тизме» деген түшүнүктү таптакыр көргүсү келбейт. Аны киргизүүнүн тартибин министрлер кабинети аныктайт да. Анан мен сунуш кылдым: контролдук сатып алууну киргизели. Казино чет элдиктер үчүн деп айтсаң, каалаган жаран келип текшерип, коюм жасап, контролдук сатып алуунун бир түрү. Эгерде казино акчаны алса, мындай учурда аларга айып салынып, он пайызы жаранга берилет.

Эң негизгиси, мен сунуш кылган нерсе: онлайн казинолор бул мыйзамда такыр болбошу керек. Бирок өкмөт: «Жок, биз Face-ID киргизебиз, бизде онлайн казино болот» дейт. Бирок биз онлайн казино дегенде жарандар да ойнойт, балдар да ойной алат дегенди түшүнөбүз. Бул баш аламандык болот. Мындан кийин коомдо терс көрүнүштөр болоорун элестетип жатам. Бул дагы митингдерге алып келет. Эгерде онлайн казинолор мыйзам долбоорунан алынбаса, мен каршы добуш берем», — деген Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, оюн-зоок жайларын мыйзамдаштыруу демилгеси коомчулукта кеңири резонанс жараткан. Айрымдары колдосо, башкалары каршы, анын ичинде дин кызматкерлери.

Ал эми Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда кумар оюндарынын кайра жанданышы мүмкүн деген сынды кара пиар деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости