www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына медициналык даярдык көрүлүүдө.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ири иш-чаралар учурунда 600дөн ашуун медицина кызматкерин тартуу пландалууда.
Мелдеш өтүүчү жайларда медициналык пункттар, мобилдик бөлүмдөр жана госпиталь уюштурулуп, тез жардам бригадалары күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн мобилдик госпиталын убактылуу пайдаланууга берет.
Ал өзгөчө кырдаалдар учурунда жана медициналык жардамга муктаж жарандарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн колдонулат.
Саламаттык сактоо министрлигинде күнү-түнү иштей турган ыкчам штаб түзүлүп, дары-дармек, медициналык жабдуулар жана жеке коргонуу каражаттарынын резерви даярдалды.
Ошондой эле делегациялар жана коноктор жайгаша турган мейманканаларда, тамактануучу жайларда жана ичүүчү суунун сапатына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү.