www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корумду чокусуна чыккан соң дайынсыз жоголгон үч альпинисти издөө иштери уланууда. Алардын арасында Беларустун жарандары, тажрыйбалуу альпинисттер жана «Ак илбирс» наамына ээ Максим Полянский (43 жашта) менен Николай Свиридов (60 жашта), ошондой эле Литванын жараны Сергей Рубцов (37 жашта) бар.

Топ 20-июлда Ош шаарына келип, андан соң Кызыл-Суу дарыясынын капчыгайына жеткен. 27–28-июлда альпинисттер чокуга чыгууну баштап, 1-августта Түндүк кырка аркылуу 6613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыгышкан. Алар акыркы жолу 2-августта байланышқа чыгып, 4-августта саат 10:00дө кайра түшүүнү баштай турганын билдиришкен. Ошондон кийин алар менен байланыш үзүлгөн.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштерин улантууда. Бирок аймактагы калың кар жана көрүнүштүн начардыгы куткаруучулардын ишин кыйындап жатат. Альпинисттердин достору жана кесиптештери да издөө иштерин уюштурууга жардам берүү үчүн каражат чогултууда.

Корумду чокусу Чоң-Алай кырка тоосунда, Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын чек арасына жакын, Ленин чокусунун чыгыш тарабында жайгашкан. Бул кууш кырлары, аскалуу чокулары жана мөңгүлөрү бар, чыгуу татаал болгон тоо чокуларынын бири. Корумдыга биринчи жолу тастыкталган чыгуу 2001-жылдын 12-октябрында Александр Губаев жетектеген кыргызстандык топ тарабынан жасалган.

Последние новости