www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ѳзүн сабаттуу кѳргѳзгүсү келип, Билим берүү жана илим министри болуп барган Каныбек Иманалиевден коомчулук ѳзгѳрүү, жаңылануу, реформа күтүп жатышканынан бери жагы 4 айдан ашты. Каныбек мырзадан дайын жок. Бары-жогу билинбейт.
Кыргызда, “бакылдаган текени суу кечкенде кѳрѳбүз” деп айтылгандай, сѳз менен иш эки башка экенин “билимдүү” Иманалиев жон териси менен сезип жатса керек.
Министр болгондо Англиянын окуу стандартын кеп кылып, асманды айтып жаткан эле, эң кур дегенде ошол айткан сѳзүнүн ѳтѳѳсүнѳ чыгып, сапаты түшүп кеткен билим берүү тармагына жан киргизе алаар бекен? Же кѳңдѳй челек катуу калдырайт дегендей, коомго популисттик кылып, куру упчу эмизип койдубу?
Айтмакчы, “сагызган сактыгынан эмес, суктугунан ѳлѳт” дегендей, аябай сак эле, бирок суктук кылып кылтакка илинип, ашың тургай табагыңды таап ал болбосо болду.
Булак: NazarNews.kg