www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет элдик басылмалар маалымдагандай, уюмдагылардын билдиришинче келип чыккан чатактын тегерегинде маалымат чогултушууда.
Мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) өкүлдөрү UFCнын мурдагы чемпиону Конор Макгрегордун үстүнөн зордуктоо боюнча тагылып жаткан күнөөгө байланыштуу атайын билдирүү жасашпайт. Бул туурасында уюмдун сайтында маалымат чыккан.
“Уюм Конор Макгрегорго байланышкан чатак боюнча алдын-ала маалымдар болгон”,-деп айтылат маалыматта.
UFC бул иш боюнча кандайдыр бир кошумча маалымат бергенден мурда сот процессинин жыйынтыкталышына кызыгдар.
Буга чейин TMZ Sports порталы билдиргендей Улуттук Баскетбол ассоциациясынын (НБА) төртүнчү мелдешинин финалдык бөлүгүнөн соң спортсмен “дааратканадан аялзатына кол салган”-деп айыпталууда.
Жабырлануучу качып кеткенге үлгүргөн жана кийинки эле күнү жергиликтүү бийликтерге кайрылган.
TMZ Sports порталы анын өкүлдөрү Макгрегорго коюлуп жаткан күнөө жалган» экендигин айтып жатышкандыгын жазып чыккан.
Булак: NazarNews.kg