www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаровго коюлуп жаткан айып, мындан бир нече ай мурун Кемпир-Абад маселеси менен камалгандардыкына үндөш, окшош. 

Башкача айтканда, Мадумаров бийликти күч менен басып алуу, кылмышка даярдык көрүү, башаламандык уюштурууга айыпталып жатат... Дал ушундай айып Кемпир-Абад боюнча камалгандарга тагылган. 

Башкы прокурордун Мадумаровду:
— Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси — Кылмышка даярдык көрүү;
— 326-берене — Бийликти күч менен басып алуу;
— 278-берененин 1-бөлүгү — Массалык башаламандыктар. Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштуруу;
— 338-берененин 3-бөлүгү — Бийликтен аша чабуу... 

Мындай статьялар Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кылмыш иши козголуп абакта отургандардын, үй камагына чыгарылгандардын дээрлик баарына тагылган. 

Демек, эмне үчүн ошол кезде эмес, Мадумаровду азыр камаш керек болуп жатат деген маселе жаралууда? Болгондо дагы, эл өкүлдөрү жайкы эс алууга кетээрде, шашылыш киргизилип жатат. Жайында Мадумаровдун тарапташтары ысыкта митингге чыкпайт, талаа иштери менен алек болушат деген жагдайды эске алышканбы? 

Бирок, кандай күндө болгондо дагы бийликтин бул кадамы Адахан Мадумаров үчүн утуш гана алып келет. Себеп дегенде, бүткөн ишти ырбатып, Кемпир-Абад маселесине чекит коюлуп мамлекеттер арасында ратификация болуп жатса, эми аны козгоштун канчалык кажети бар эле? 

Мындай кадамдары аркылуу бийлик өздөрү Мадумаровду аң-сезимдүү түрдө рейтингин көтөрүп, кийинки президенттике даярдап жатат. Кудум, Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровду камабаганда, анын президент болушу мүмкүн эмес болгондой эле кырдаал жаралат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости