www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кеңеш аба, ыраматылык Мурза Гапаров экөөңүздөр жакын дос элеңиздер. Аны менен кантип таанышып калдыңыз?..

- Мурза менен университте окуп жүргөндө таанышканбыз. Эмнегедир жакын болуп кеттик. Адамдардын жылдызы келишсе ошондой болот да. Бири-бирибизди урматтап, сыйлашып калдык. Айрыкча чыгармачылык жөнүндө бир пикирде болдук. Жакшы адамдар менен мамиле курдук. Жаман ойлобогонго, жакшы жашаганга, алгылыктуу жазганга аракет кылдык.

Мурзанын чыгармачылыгы жөнүндө көп эле жазылды. Китептери чыгып атат, Кудайга шүгүр. Өтө назик, жароокер адам болчу. Таза адам эле. Адамдагы сулуулукту, жакшылыкты сезе, туя билээр эле. Кубат үчөөбүз өтө ынтымакта элек. “Эй тоолуктар (мен Нарындан, Кубат Алайдан да), силер жердин сулуулугун көп билбейсиңер, өрүктөрдүн гүлдөгөнүн көргөн жоксуңар” деп тамаша кылып, бизди ар кайсы жакка алып барар эле. Арсланбапка, Ноокатка барып жүрдүк. Өзү дүйнөнүн сулуулугун, кооз жерлерди көргөнгө ниет кылчу. “Японияга, Киотого барам” деп чыгарма да жазды окшойт. “Ой, сен барып келдиң” деп суктанаар эле.

- Мурза ака Японияга неге бара албай калды. Шарты болгон жокпу?

- Ниет кылганы менен аракет кылган жок. Чет мамлекеттерге чыкканга көп кызыкпады. Биз болсо аракет кылып атып барып келбедикпи. 80-жылдары “Достук коому” деген бар эле. Ошолор аркылуу барып келгем. Достун баары андай болбойт экен. Кээ бир достор сатып кетет өзүнүн кызыкчылыгы үчүн.

Айрыкча саясатка, акча-макчага аралашкан кишилердин психологиясы ошондой болот. Биз ага кызыккан жокпуз чынын айтканда. Кызматка да, акчага дагы... Мурза эстей турган адам эле. Жазганы дагы, өзү дагы. Бир сапар ооруканага жатып калдым. Кубат түштүккө барганда Мурзага “Кеңеш больницага жатып калды” деп айтыптыр. Абдан шашып келди Мурза. Ошондой күйөрман достор элек да...

Кубаттын 80 жылдык юбилейин жакшы белгилебей коюшту. Телевизордон ортозаар адамдардын сүрөттөрүн жайнатып чыгарып, беш-он кишини чакырып сүйлөтүп атышпайбы. Мурза, Кубат деле жогорку деңгээлге татыктуу эле да. Бирок, андай берүүлөр болгон жок.

- Азыр да бирдеке чиймелей коюп жүрөсүзбү?

- Жок. Колдорум тайтаңдап калып атат. Мен өмүр бою эле кол менен жазып келдим да. Анан бул да чарчады. Мурза, Кубат дагы машинкада басышчу. Кайсы жылы экен, мен Дзержинск көчөсүнөн бир үй алып, Мурза экөөбүз чогуу да жашап калдык. Бойдокчулук кез эле. Мурза “түштүккө барам” деп эле кетип калып, бир аз жүрүп кайра келчү. Көргөндөрүн сүйлөп берер эле.

- Сиз “Ала-Тоо“ журналын жетектеп турганда мурда жарык көрбөгөн көп кызык материалдар жарыяланды окшойт?

- Биз ошондой аракет кылдык да. Мисалы, Белек Солтоноевдин кол жазмасын таап чыгаргам. Азыр Солтоноевди тарыхчылар, башкалар да жазып атышат. Бизди эстеп да коюшпайт...

- Сейилдеп көп басасызбы? 

- Жок. Күнүгө бир сааттай эле басам. Шаардын ичинде, өзүмдүн үйүмдүн тегерегинде. Гезит алып келгенге чейин басам.

- “Жүрөгүм менин тоолордо” деп жаздыңыз эле. Азыр да тоолорго барып турасызбы?

- Тоого, айылыма бара албай калдым. Көлдө үй бар, ошого жеталбай жатам. Жалил Садыков экөөбүз кошуна болуп жүрдүк. Ал дагы көлдү жакшы көрчү. Туулган жерим Нарындын бир айылы. Уруум мундуз. Төртүнчү, бешинчи аталарыбыз түштүк тараптан, Базар-Коргондон ооп келген экен.

Омор Сооронов жазып жүрөт Мерген баатыр деп. Ошол Мерген баатыр Кокон хандыгына каршы чыгып, качып келиптир. Омор дагы мундуз. Асан Жакшылыков мундуз. Кошуна айылданбыз да. Аталарыбыз туугандашып, кабарлашып турчубуз. Бечара Сүйөркулдан дайын жок. Көрөсүңбү?

- Ооруканага келгенде көрчүмүн. Азыр мен да көрбөй калдым.

- Жакшы акын. Ал да мундуз экен.

Булак: Азия News гезити

Последние новости