www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын кей-поп жылдызы, F(x) тобунун мурунку солисткасы Солли деген ат менен белгилүү Чхве Ри каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Соллинин сөөгү Сеулдан алыс эмес аймактагы өз үйүнөн табылган. Ырчы менеджери менен байланышпай калганынан улам, менеджери ырчынын үйүнө барган. Ал жактан кыздын өлүгүн таап, полицияга кабарлаган.
“Биздин акыркы баарлашуубуздан кийин, Солли байланышка чыкпай калды. Ошондуктан мен үйүнө бардым. Анан ал жактан анын өлүгүн таптым”, -дейт менеджери.
Маалыматтарга караганда, ырчы узакка созулган депрессиядан азап жеп жүргөн. Укук коргоо органдары ырчы өзүнө өзү кол салганын тастыктаган жок. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгилүү эмес.
Соллинин Инстаграмм баракчасында 5 миллиондон ашык катталуучусу бар. Ал Түштүк Кореядагы аялдардын эркин кийинүүсү боюнча постторду жарыялап турган. Бул посттор коомчулук тарабынан терс кабыл алынып, катуу сынга алынчу.
Солли буга чейин бир нече ТВ-программаларда конок болуп, коомдук сайттарда өзүнүн дарегине жазылган орой, кемсинткен комментарийлер көп болорун айтып берген.
Солли актрисалык карьерасын 2005-жылы 11 жашында SBS "Seodong"драмасында тартылуу менен баштаган. Ал жактан Силла падышачылыгынын падышасынын кызы Сонхвунун ролун аткарган. 2009-жылы F(x) тобунун курамына кирген. F(x) тобу Түштүк Кореяда кыска убакытта популярдуулукка жетишип, кийин башка өлкөлөргө тааныла баштаган. 2015-жылы Солли F(x) тобунан чыгып, жалгыз ырдап чыга баштаган.
Айрымдар Чхве Чжин Ри интернеттеги мазактоо, орой сөздөрдон улам кей-поп ырчысы катары карьерасын токтоткон деп айтышат.
Булак: NazarNews.kg