www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Улуу Британиядагы элчиси Андрей Келинди Владимир Путин менен Лавров желкелеп иштетип жаткандай. Ал эми элге эркелеп көнгөн Эдил Байсалов Улуу Британияга элчи болгону жашынмак ойногондон башканы билбей жүрүп, тойпоңдогон бойдон министрлер кабинетине элге кеңеш үйрөткөнү кеткен. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиза Трасс Москвага келип, Лавровго акыл үйрөтүп кетти. Серепчилердин айтуусунда, жакында боло турган Улуу Британиядагы парламенттик шайлоодон кийин Лиза Трасс Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун ордун ээлеши мүмкүн. Демек анын ар кадамы аңдууда турат. Маргарет Тэтчер деген “темир леди” атка конгон премьер-министр болгон, Лиза Трассты да ошого теңеп жатышат.

Улуу Британия парламентинин Өкүлдөр палатасы Евробиримдик менен соода келишимин жактырган. Документти 521 депутат колдоп, 73ү каршы добуш берди. Ага чейин премьер-министр Борис Жонсон парламентке кайрылып, соода келишимин колдоо менен «өлкө тарыхындагы жаңы бөлүм ачууга» парламентарийлерди чакырган. Жонсон «Британия Евробиримдиктин эң жакын өнөктөшү бойдон калат» деп белгилеген. Расмий Брюссель менен Лондон бир нече айга созулган сүйлөшүүдөн кийин мунасага келген. Жаңы соода келишимине ылайык, тарифтер да, квоталар да нөлгө түшүрүлгөн. Бул документ эки тарап ортосундагы балык уулоо жана бизнес жүргүзүүнүн келечектеги эрежелерин аныктап, бир канча убакыттан бери уланып жаткан талашка чекит коёт.

Кыргызстан Брекзиттен кийин да Улуу Британия менен жаңы эки тараптуу макулдашуу түзүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын жетекчилери Лондон шаарында өткөн Кыргыз-британ инвестициялык форумунда билдирген. Ал жерде кыргыз-британ мамилелеринин динамикасын жогору бааланып, Улуу Британиянын мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөтүн кыргыз тараптын эки жактуу алакаларды өнүктүрүүдөгү жаңы демге умтулуусун колдойт. Биз достош Бириккен Королдуктагы окуяларга дыкаттык менен көз салып турабыз. Үч жыл мурда референдумда билдирилген британ элинин тандоосун сыйлайбыз жана Улуу Британия Европа биримдигинен чыккан соң, мындан аркы соода жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жолун аныктаган жаңы макулдашуунун түзүлүшүн күтөбүз.

Улуу Британиянын король тагынын мураскору, Диананын небереси качан төрөлгөн? Меган Маркл Арчини Лондондун батышындагы Сент-Мэри бейтапканасында төрөгөн. Салмагы 3,8 кг. Британ тактысынын мураскору төрөлгөнү тууралуу кабар, салт боюнча, Букингем сарайынын алдында жарыяланган.Британдык сарай расмий таркаткан маалыматта королева, анын жолдошу, Эдинбург герцогу, Уэльстин принци, Корнуолл герцогинясы, принц Гарри жана принц Уильям баары абдан кубанып жатканы айтылган.

Меган Марклдын толгоосу  таң эрте башталып, ошол замат Лондондогу Сент-Мэри төрөт үйүнө жеткирилген. Принцесса Диана дагы өзүнүн эки уулун дал ушул ооруканада төрөгөн эле. Бул бала маркум принцесса Диана менен Уельстин принци Чарльздын алгачкы небереси болгон.Алар болочок небересинин жынысы ким экенин алдын ала билүүдөн баш тарткан. Эми алардын уулу - королдук тактыны ээлөөчү үчүнчү саптагы мураскор. Англия куралдуу күчтөрүнүн башчысы, Англикан чиркөөсүнүн улугу жана Шериктештиктин, же 16 мамлекеттин падышасы болмок.

Британиядагы королдук үй-бүлө уулдуу болуп, бул кабар дүйнөлүк медианын башкы жаңылыгына айланган. Наристе Британиянын келечектеги королу. Аны Британиялыктар өзгөчө шаң менен тосуп алышкан. Сент-Мэри төрөт үйүнүн алдында королдук жарчы бул кабарды кылымдар бою уланып келе жаткан жөрөлгө менен угузган. Британия тактысынын үчүнчү саптагы мураскорунун төрөлүшүн жөнөкөй кишилерден тартып, өкмөт башчылары, дүйнөлүк лидерлерге чейин угуп, куттуктоо каттарын жолдогон. Букингем сарайынын жанында жүздөгөн киши баланын төрөлүшү тууралуу кабарды күтүп турушкан. Королдук баланын төрөлүшүн королева Элизавета Виндзор сепилинен Букингемге кайтып келип куттуктады. Британ королдугунун үчунчү саптагы мураскорунун туулушун анын чоң атасы принц Чарльз дагы кубаныч менен белгиледи.

Алардын баласы уул болгону Британ тактысынын мураскору катары кырдаалды өзгөртпөйт. Себеби, буга чейин Британия королдугу - үй-бүлөнүн биринчи баласы кызбы же уулбу, жынысына карабастан бирдей укукта тактынын мураскору аталат деген мыйзам кабыл алынган. Ал эми мураскордун туулушу бул өлкөдө болжолу менен отуз жылда бир келчү окуя. Королдук бөбөктүн жарык дүйнөгө келиши Британия эли гана эмес, королдук үй-бүлөнү мамлекеттик башчысы катары тааныган он беш өлкөнүн дагы майрамына айланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости