www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен 58 жаштамын. Күндөн күнгө көрүм жакындаган сайын жалгыз балам билбеген чындыгымды айтуудан айбыгып келем. Өзүм кесибим боюнча акушер-гинекологмун. Бирок мени жаш кезимде айылга ала качып кетип салтка баш ийип кайын журтту сыйлап олтуруп калдым. Үйлөнгөнүбүздөн көп өтпөй ысыгыбыз тарай электе күйөөм жол кырсыгына кабылып каза болуп калды. Кара жамынып кайгы менен муңга бөлөнүп, ажаалга алдырып олтуруп калдык.
Ошол кезде мен өзүмдү эмнегедир жаман сезе баштадым. Бир топ күн өткөн соң мен кош бойлуу экенимди сездим. Бирок, кайын журтка айткандан корктум. Себеби алар "сен келгени биздин үйдү кырсык басты, сен кара жолтойсуң"- деген жүрөгүмдү ооруткан сөздөрү кулагыма жаңыра берди. Мен аларга абдан капа элем ошондуктан күйөөмдүн кыркы өткөндөн кийин артымды карабастан түйүнчөгүмдү түйүп алып, бир туугандарыма келдим.
Менин бир туугандарымдан башка эч кимим жок эле. Алар мага балам торолгончо кың дебестен жардам беришти. Балам торолуп калгандан кийин балам экөөбүздүн келечегибизди ойлоп, мен иштебеген иш, кылбаган жумуш калбады. Түнкүсүн санитарка болуп оруканада иштейм, күндүзү базардын бурчунда майда-чүйдө сатам.
Ошентип балам тырмактай кезинен ишке бышып жетилди. Базардагы соодабыз жакшы болуп үй алганга жетиштик. "Кудай таала эчки жаратканда да жанына бир эрмен жараткан" деген сөздүн маанисин терең түшүндүм. Балам экөөбүз жетишкен жашоодо, эл менен катар өз оокатыбызды өткөрүп жашап жүрдүк. Бирок мени ойлонткон нерсе баламдын өзүнө айтпаганым менен анын ысык, суукта жүргөндүктөн "жыныс органдары, бел суусу" абдан жабыркаган эле. Мен ага бөйрөгүңө даары куюп жатам деп алдап болгон аракетимди жумшап анын ден-соолугун калыбына келтирүүнү ойлоп жүрдүм. Бирок эч эле мен күткөн жыйынтыкты чыгара албадым.
Балам 20га чыгып калган кезде мен ага тезинен үйлөн деген шарт коюп кыз издей баштадым. Базарда жанымда чогуу олтурган эже бир күнү маанайы жок келип менден кеңеш сурап "кызымды жигити алам деп алдап боюнда кылып таштап койгон экен. Эми мен намысымды сактап калыш үчүн кызымдын боюнан алдырам"- деп ыйлап калды. Мен көктөн издегеним жерден табылып эжеге өзүмдүн кырдаалымды айттым. Балам эч качан "ата" боло албасын, кызы менен үйлөндүрүп койсок экөөбүздүн тең абийирибиз жабылып мамыр-жумур жашап калабыз десем эжем ойлонуп отуруп макулдугун берди.
Бирок кызы баламдан 4 жашка улуу болчу. Балам менин көңүлүмдү карап макулдугун берди. Тойду жакшы өткөрүп алдык. Кызга болсо кызмын деп айта бер, бала сеники дегин деп кудагыйым экөөбүз эки жактан чыга калып айтабыз. Келиним байкуш үн сөзсүз башын ийкеп коёт. Ошентип ай-күнү жетип келиним көз жарып неберелүү болдук. Уулумдун кубанычында чек жок. Үйүбүздө баланын үнү жаңырып, келиним менен балам ынтымактуу жашап калды. Жылдар өтүп өз каалаган нерселеримдин баарын багындыра албасам да, балама бактылуу үй-бүлө куруп бере алдым деп тынчып калгам.
Тынчтыгымды кудагыйымдын телефон чалуусу бузду. Ал көптөн бери ооруп төшөктө жатып калган эле. "Мен өлгөндө сурак бергенден корком балабызга чындыкты айталы. Сен айтпасаң, мен айтып салам",- дегенин уккандан бери келиним экөөбүздө эми тынчтык жок.
Кимге кайрылып, кимден кеңеш сурашты билбей башым маң.. Канткенде туура чечим чыгара алам.. Кеңеш бериңиздерчи..
Булак: NazarNews.kg