www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары, парламент депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүлөрү тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди.
- Менимче, ал (Атамбаев) элге чындыкты жеткиргиси келди. Ошону менен бирге факты жана далилдерди келтирди. Ал өзү өлкө үчүн абдан көп нерсе жасадым деп эсептейт. Ошол эле маалда жоопкерчиликтен качкан жок, өз кемчилигин, кадр маселесиндеги мүчүлүштүктөрдү моюнга алганын айткым келет. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүүгө жеке өзү аралашкан эмес, жанындагы адамдардын "кайсы бир иштерин" териштирген жок. Анткени, ал башкы максаты - өлкөнү экономикалык коллапстан, митингден арылтуу, түндүк менен түштүктүн күчтөрүн бириктирүү, өлкөнү бириктирүү экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg