www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадастр" мамлекеттик мекемесинин бүтүмдөрдү мыйзамсыз каттоосунун натыйжасында мамлекетке 142,6 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен 1,524 га жер участогу көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн, “А” ЖЧКга курулган турак үйдүн 10%ын Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүп берүү шартында акысыз пайдаланууга берилгендиги аныкталган.

Бирок, “А” ЖЧКсы “Э” жана “Р” курулуш компаниялары, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жооптуу кызмат адамдары менен алдын ала макулдашып, курулган турак-жайлардын тиешелүү бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп бербестен, биргелешкен кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзүп, үчүнчү жактарга сатып жибергендиги тастыкталган.

Натыйжада, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызмат адамдары бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүп, турак үйлөрдү сатууга шарт түзүп бергендигинин кесепетинен, мамлекеттин эсебине 142 млн 683 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости