www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районундагы карылар үйү жабылат

Кемин шаарындагы карылар үйүндө каза болгон аялдын өлүмү боюнча комиссиянын кортундусуна ылайык, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аталган карылар үйүн жабуу боюнча буйругу чыкты. Бирок андагы карылар кетпейбиз деп жатышат. Бул  тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты. 

Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиевдин айтымында, карылар Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүнө жайгаштырылат.

--«Алгач акырын түшүндүрүп айттык. Бирок ичинде жашаган карылар кетпейбиз деп болбой койду. Биринчи күнү дагы барабыз. Эгерде санитардык нормага туура келбесе, ал жерге карыларды кантип калтырабыз? Ал жер ансыз деле оӊдоп-түздөө үчүн жабылмак. Мурун бала бакчанын имараты болчу. Аны мэрия менен сүйлөшүп, ошол багытта иштетишибиз керек. Биз тийиштүү комиссияны түзүп, корутундунун баарын чыгардык. Укуктук баа берүү боюнча прокуратурага жөнөттүк, экинчи кортундуну министирликке жөнөттүк. Ал эми министрликтен «карылар үйү жабылсын, андагы карылар убактылуу Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнө жайгаштырылсын»деген буйрук келди. Келечекте реаблитация борбор ачалы деген ой бар. Ал эми бизде карылар үйү деген болбош керек. Бул бизге жат көрүнүш. Баарыбыз эле карыйбыз. Баарыбызды теӊ ошондой тагдыр күтүп турганын эч ким каалабайт. Мындан ары карыларыбызга мындай мамиле болбосо, жаӊы муун аталарын, апаларын таштабай, өздөрү багып, төрүнүн көркү кылып отурушса деген тилегибиз бар», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости