www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлиги менен биргеликте ИИМдин Кеминдеги тергөө кызматынын башчысын кармады.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 1992-жылы туулган Б.М.Б. Тергөө кызматын жетектеп турганда Н.Э., С.Б., К.Ө. тарабынан жасалган жашы жете элек кызга карата жасалган сексуалдык өзгөчө оор кылмыш ишин тергеп жатып, бардык аталган адамдардын тиешеси бар экендигин далилдеген соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына карабастан, алардын ичинен экөөнү (С.Б., К.Ө.) кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, аларга карата кылмыш ишин кыскарткан. Ошондой эле ал өспүрүм баланы С.Б. жана К.Ө.нүн пайдасына жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Б.М.Б. УКМКнын тергөө абагына алынды.
УКМК кошумчалагандай, тергөө органдары тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдары да иликтенет. Анын алкагында бардык тиешеси бар адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.