www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына 2004-жылы туулган А.Б. аттуу Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал өздөрүн блогер катары тааныштырган жарандар опузалап акча талап кылып жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
2026-жылдын 13-февраль күнү Ош шаарында өткөрүлүп жаткан “Бандит” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө, Ош ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында, Ош шаарынын аймагында өздөрүн блогер катары тааныштырып, жарандардын ар кандай аракеттерин жашыруун видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялоо менен коркутуп, акча каражатын опузалап талап кылып жүргөн жарандар кармалды.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 10-февраль күнү түнкүсүн Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү №6 даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү автоунаа токтотуучу жайда өзүнүн жеке автоунаасында тааныш кызы менен отурган А.Б.га М.С. жана Ч. уулу Б. аттуу жарандар кайрылышкан. Алар жабырлануучуну “жаныңдагы кызга адепсиз мамиле жасадың, биз аны видеого тартып алдык” деп коркутуп, тартылган видеону интернетке жарыялабаш үчүн 100 000 (жүз миң) сом талап кылышкан.
Коркутуунун натыйжасында Ч. уулу Б. өзүнүн М-Банк эсебине жабырлануучудан 50 000 (элүү миң) сом котортуп алган. Калган 50 000 сомду 2026-жылдын 12-февраль күнү саат 18:00гө чейин берүүнү талап кылышкан. Акча берилбеген учурда видеоматериалды интернетке жарыялай тургандыктарын билдиришкен.
2026-жылдын 13-февраль күнү шектүүлөр жабырлануучуга кайрадан телефон аркылуу байланышып, калган сумманы талап кылышкан. Алар 500 АКШ долларын накталай алып жаткан учурда ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалышкан.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган шектүүлөр:
Ош шаарынын тургуну, 2005-жылы туулган, убактылуу иштебеген С.М.
Ош облусунун Кара-Суу районунун 2002-жылы туулган тургуну Ч. уулу Б.
Учурда аталган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы бул жарандардын аракеттеринен жабыр тарткан башка жарандар болсо, 0990 95 70 00 же 102 номерлерине кайрылып, маалымат берүүнү өтүнөт.