www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районунда жергиликтүү тургун айылдашын бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милицияга 17-март күнү саат 08:55те Кызыл-Октябрь айылында жергиликтүү тургун үйүндө дене температурасынын төмөндөп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерден 1954-жылы туулган И.С.нын зомбулуктан каза болгон жансыз денесин табышкан. Анын сол кулагынын астынан бычактан алган жаракаттары бар болгон.

Бул факт Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган С.Т. камалган. Ал киши колдуу болгон жарандын айылдашы. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка маркум менен шектүүнүн мас абалындагы чыр-чатагы себеп болгон.

Шектүү Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости