www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башын ийинден чыгарып, ар кай жакты жалт караган суурлар болот. Жээнбеков ошол сыяктуу, ким бийликке келсе таманын жалап калат да, удулун таап согот. Аны апчеси Майрам Акаева бийликке жетелеп келген «ме» дегенде эле Кыргызстандын керектүү ишканаларын менчиктештирип алып, Акаевге каршы чыгып Батыштан гонорар алып турган. Бакиевдин колтугуна кирип элчи болуп жүрүп, аны жамандап Кошмо Штаттарга кире качкан. Отунбаева апчеси президент болгондо «Ата-Мекен» партиясына кирип, ал жерди иритип-чиритип чыккан. Атамбаев кайынатасынын кудасы. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Динара аттуу кызы Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун жубайы. Султановдун кызын Равшан Жээнбеков алган. Анын атасы Алымбай Султанов дагы коомго белгилүү инсан. Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Равшан Жээнбеков кудасынын кыныгын таап чардады. Жээнбековдун учурунда Жээнбеков Атамбаевге болушуп ызы-чуу кылып жүрдү. Эми массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу беренеси менен камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кат жазды.

"Урматтуу Садыр Мырза, дүйнөдөгү демократиянын деңгээлин изилдеген, кадыр барктуу Freedom House уюму, Кыргызстанды, бул 2023-жылы, үчүнчү жолу авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргизди. Тилеке каршы, биздин мамлекет бул жылы Зимбабвенин катарынан орун алды.

Бул уюмдун Кыргызстанга берген баасы, биз үчүн зарыл болгон донор өлкөлөргө, эл аралык финансы уюмдарына жана инвесторлорго чоң сигнал болот. Ансыз дагы алсыз экономикабызга, жакырчылыка, жумушсуздука бул баа сөзсүз терс таасирин берет.

Акыркы үч жылда орногон суперпрезиденттик авторитардык саясий система, Freedom House уюму баса белгилегендей, саясий оппоненттерди, бийликти сындаган журналисттерди, жарандык активисттерди куугунтуктоодо гана чоң ийгиликтерге жетишти. Ал эми элибиз үчүн эң маанилүү жакырчылык, жумушсуздук, коррупция менен күрөшүүдө эч кандай ийгиликтерге жетише алган жок. Жакырчылык 35-40%га чыкты, бийликтин КТР менен ЭлТРдин маалыматын кошпогондо, коррупция өскөндө өсүүдө.

Сиз жана тегерегиңиз түзгөн авторитардык башкаруу, элибиздин жашоосунун бардык тармагына терс таасирин берип баштады.

Урматтуу Садыр Мырза, 20 жылдан бери бардык авторитардык президенттер менен күрөшкөн демократ саясатчы, оппонентиңиз катары, сизди, авторитаризмден баш тартууга чакырам. Саясий оппоненттериңизди, эркин медиаларды, активдүү жарандар менен бийликти сындаган журналисттерди куугунтуктоону токтотуңуз. Сынга, башка көз карашка чыдамкай болуңуз. Баарыбыздын мекенибиз - Кыргызстан эркин, демократиялуу өлкө катары гана дүйнөдө өз ордун таба алат. Авторитаризмдин келечеги жок", - деп жазган Жээнбеков.

Учурунда 29 жашар министр ата-энесинин көзү тирүү турса да Акаевди «ата», Майрам Акаеваны «апче» деп эркелеп жүрүп 400 мамлекеттик обьекти жакшы тааныштарына өз баасына эмес ит бекерге менчиктештирип, өзү да кур калган эмес. Ушундай булганыч жол менен башты айланткан байлыктарга тез эле жетишкен Жээнбеков Кыргызстандагы эң бай адамдардын бирине айланган. Бул тууралуу азыр нарда отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев минтип айткан: «Жээнбеков –ууру. Мейли ал мени сотко берсин. Мен жооп берем. Аны жоопкерчиликке тартуу үчүн мөөнөтү өтүп кеткен» -деген. Жээнбеков камакка алынып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Сот Жээнбенков үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган. Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында Кой-Ташта камалган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Андан соң президенттик шайлоодо талапкер болгон. Атамбаев президент кезинде жаман сөздөрдү айтты  деп өзүнүн кудасы Атамбаевге каршы иштерди жүргүзүп келген. Сооронбай Жээнбеков келгени кудасы Атамбаевге өтө качкан. «Өткөндү пистолет менен атсаң, келечек замбирек менен атат» деген кеп бар. Атамбаевдин кудасы Алымбай Султановдун күйөө баласы Жээнбеков батышчылдарды колдоп көп эле ирет митинг өткөрүп жүрөт. Ага эл деле көнүп бараткандай. Убагында «кол ийрисине тартып» кайын атасы Султановдун канкудасы Атамбаев Конституцияны бузуп Кыргыз Республикасын бөлүп, Кой-Таш Элдик Республикасын түзгөндө Равшан Жээнбеков колдогон. Кыргыз Республикасын бөлүү Конституция боюнча да, абийир боюнча да туура эмес, Кылмыш-Жаза кодекси боюнча кылмыштуу иш. Мамлекетти бөлүнүшүнөн сактанып ал кездеги ИИМ министри Кашкар Жунушалиев, УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаевдин жетекчилиги менен штурмдар болгон. Мейли ДНР, ЛНР бир облустун аймагын ээлеп жатат, ал эми бир айылдын бурчун ээлеп жаткан Кой-Таш Элдик Республикасы тарабынан атылган Калашников автоматынан ок «Альфа» офицери Үсөнбек Ниязбековду аркы дүйнөгө алып кеткен. Сот отурумунда Жээнбеков Равшан канкудасы Атамбаевди колдоп, каза болгон спецназ Үсөн Ниязбековдун апасына Равшан Жээнбеков “Сенин уулуң киши өлтүргүч болчу” деп кыйкырган. Равшан Жээнбековдун айткан сөзү Өктөм Мамаевага эле эмес, бардык адамдарга катуу тийди. Мындай пикирди “Мээр жазы” коомдук уюмунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова айткан, анын пикири мындай: “Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышкам. Маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаеваны колдоп баргам. Себеби, Мамаева дайыма жалгыз болуп калат, ал эне. “Мээр жазы” коомдук уюму энелерди, жалпы аялзатын колдоп келет. Мен ошондуктан барып, өзүмдүн пикиримди айтайын дегем. Бирок ошол соттун жүрүшүндө сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал жерге келген Кой-Таш окуясына тиешелүү адамдар, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары сүйлөтпөй койду. Сот аяктап калганда, Мамаевага ар кандай туура эмес сөздөрдү айтып, баласын күнөөлүү катары эсептеп, Алмазбек Атамбаевди жактап турушту. Аягында Равшан Жээнбеков Мамаевага катуу сөздү айтты. Бул энеси Өктөм Мамаевага эле эмес, мага жана ошол жердеги бардык адамдарга катуу тийди. Баарыбызга белгилүү болгондой Равшан Жээнбековдун пикири азыр жалпы коомчулукту дагы нааразы кылууда. Буга сөзсүз укуктук баа берип, азыртадан мындай көрүнүштөргө чекит коюшсун”, - деген Бекмуратова.

Кой- Таш окуясында каза болгон спецназ Үсөн Ниязбековдун апасына асылган Равшан Жээнбеков “Сенин уулуң киши өлтүргүч болчу”, деп кыйкырган тасманы көптөгөн маалыматтык булактар жарыя кылды. «Энеси боздогон Өктөм айымды Равшан Жээнбеков, «сенин балаң киши өлтүргүч, унчукпай койсо эмне кыйкырасың?», деп Атамбаевдин тарапташтары эжени сабап салайын деди. Эненин көз жашы эч кимди соо койгон эмес. Ошол эле Равшан Жээнбековду дагы соо койбойт», - деген Ыргалай Бекмуратова.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун мындай сөзүнө маркум Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева төмөнкүчө жооп берди: “Мен сот отурумунда да чындыкты айттым. Алар бийликти басып алууга даярданган. Ошондо коопсуздук комитети барган. Менин балам ал жерге жеке кызыкчылыгы үчүн барышты беле? Уюштуруучулар “Кой-Таш республикасы” деп жарыялашты. Атамбаев ок атпай койсо болот беле? Сырттан душман келсе да түшүнөт элем кесиби ушул да деп. Ички душман мамлекеттик чыккынчы, мамлекеттин ичинде мамлекет болуп жатса, аны сабатсыз саясатчылар жандап жүргөнү үчүн 2 ай дүркүрөп турушту го. "Президенттикке талапкер болуп 0,5 % добуш алдың, жок дегенде 1%га жетсең укмуш болмок экенсиң", дедим. Мыйзамсыз мен ага эч нерсе деген эмесмин. Террористик маанайдагы акт элге коркунуч келтирген топтор, көрүнбөгөн ички душмандар үчүн коопсуздук комитети күрөшөт да дегенмин. Атамбаевдин тарапташтары Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетсе эле түрмөдөн бошонушат деген ойдо жүрүштү. Жээнбековдун эки жүздүү саясатчы экени баарыбызга белгилүү. Ушундай адамдардын айынан, 6 баласы артында калып, каза болгон уулума ичим ачышат, жүрөгүм сыздайт. Буларчы, эмне кылды? Буканы ар кимге союп берип, буканын этине тоюп кутурушту.

Бандиттерди топтоп, алар мас турганын көрүп турдум. Интернеттен прокурорлордун жазгандарын алардын сөздөрүн окудум. Эми Атамбаевди атайлап эле “ооруду” деп, сотко келтиришпей жатат. Эмнеге кечиктирип жатышат түшүнүксүз. Булар дагы бир кооптуу нерсени күтүп жатышат. Бул саткындарга менин башыма түшкөн иш, өздөрүнүн башына келгенде түшүнүшөт. Мен уулумдан айрылып олтурам, абалымды түшүнбөсө Кудайга койдум, башка айлам жок”, - деген Өктөм Мамаева.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости