www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Банктардан жана чакан насыя компанияларынан насыя алып, күрөөөгө коюлган үйүнөн ажырап калган жарандардын маселеси боюнча атайын топ түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Маалым болгондой, 17-мартта ал жеке менчик банктардан жана микро кредиттик компаниялардан жабыр тарткан 30га жакын жаран менен жолугуп, көйгөйлөрүн уккан.

«Чындыгында эле «Оптима», «МБАНК» («КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы»), «Компаньон», «Бай-Түшүм Банкы», «Капитал плюс», UCH Сredit жана башка микрокредиттик компаниялардан кредит алып, үстөк акылары алган акчаларынан эки-үч эсе көп төлөгөнү аз келгенсип, күрөөгө коюлган турай жайларынан бери алдырып ийгендер көп экен», — дейт ал.

Ал билдиргендей, бул маселе боюнча укук коргоочу уюмдардан турган атайын топ түзүлөрүн билдирди.

«Бул маселе боюнча атайын топ түзүп, мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңештин, комитет жана фракциянын жыйындарына алып чыгып, карап тиешелүү тармактар менен биргеликте элибиздин, карапайым калктын жонунан кайыш тилбегидей чечип берүүгө бар күчүмдү жумшаймын», — деди ал.

Последние новости