www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашыкча жүк жүктөп алган айдоочуларга 2,6 млн сом айып салынды

Уруксат берилген өлчөмдөн ашыкча жүк ташып, жолдорду талкалоого себеп болгон автоунааларга айып пул салынды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

13-февралдан 13-мартка чейин жүргүзүлгөн бир айлык рейддин жыйынтыгында өлкө боюнча транспорт көзөмөл пунктуларында жана транспорттук көзөмөлдүн мобилдик топтору тарабынан 34 469 автоунаа текшерилган. Жыйынтыгында 446 мыйзам бузуу аныкталып, 2,6 миллион сомго айып салынган. Анын ичинен нормадан ашыкча жүк жүктөп алган 74 айдоочуга 1,4 миллион сом айып пул жана жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жыйым чектелген.

Катталган мыйзам бузуулардын негизинде жүк ташыган ишканаларга жана карьерлерге 83 эскертүү берилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости