www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды, деп билдирди бүгүн, 22-июнда Чүй ОИИБдин басма сөз кызаты.

21-июнда саат 17:15 чамасында милицияга телефон чалуу болуп, токойдон жаш кыздын денеси табылганы айтылган. Анын денесинде күч колдонулган белгилер бар болчу. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталган.

Ал эми кечки саат алтыга жакын жергиликтүү тургун (аял киши) милиция кызматкерлерине кайрылып, 2005 -жылы төрөлгөн кызы жоголгонун билдирген. Ал үйүнөн 21-июнда эртең менен чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Кийинчерээк токойдон табылган маркум 2005-жылы төрөлгөн Х.О. — милицияга кайрылган аялдын кызы экени такталды.

Апасынын айтымында, маркум эртең менен мектепке аттестатын алуу үчүн жөнөп кеткен. Саат 11:00 чамасында кошунасынын телефону аркылуу алардын талаасындагы сугаруу иштеринен кийин үйүнө бара турганын айткан. Бирок ошол бойдон дайыны чыкпай калган.

Көп узабай Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү кармалды. Мурда алдамчылык жана бейбашчылык менен сот жообуна тартылган Б.К. (1979-жылы туулган) убактылуу камакка алынды.

Тергөөнүн маалыматына таянсак, маркум кыз кошунасынын телефонун сурап, апасы менен байланышкан. Андан кийин кошунасынан акча сурап, ал кызга ыдык көрсөтө баштаган. Кыз кыйкырып баштаганда чочуганынан аны муунтуп өлтүргөн. Андан кийин кошунасынын автоунаасын сурап, кыздын денесин токойго таштап кеткен.

Тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости