www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы пикирин билдирген активисттер, блоггерлер жана саясатчылардын баш коргоо чарасын карады.

20-апрелге чейин СИЗО-1де төмөнкүлөр калды:

блогер Али Шабдан;

блогер Эрлан Бекчоро уулу,

журналист жана активист Айданбек Акматов;

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев;

Президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов;

Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов;

активист Тимур Махмудов;

активист Акыл Айтбаев;

экс-депутат жана саясатчы Равшан Жээнбеков;

мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров;

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;

Активист Жеңиш Молдокматов,

активист Атай Бейшенбек,

активист Марат Баязов,

активист Ильгиз Шаменов.

Үй камагындагылар:

- активист Талант Эшалиев;

- Нурлан Асанбеков - Равшан Жээнбековдун үйүндө курулушта иштеген;

- Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова;

- активист Перизат Суранова;

- Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова;

- мурдагы депутат Асия Сасыкбаева;

- Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов;

- БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;

- активист Таалайбек Мадаминов;

- активист Чынгыз Капаров;

- активист Улугбек Маматаев.

12-апрелде 7 адам үй камагына чыгарылган, ал эми төртөө мурда бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости