www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жер алмашууга нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин айтты.

Ал 19-апрелде "Кемпир-Абаддын" жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушту.

"Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин", - деди Ташиев.

Ташиев тургундардын "Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу" деген суроосуна, Ташкентти ынандырууга болгон аракет көрүлөт деген мазмунда жооп берди.

Анын алдында Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду Кыргызстан үчүн эң пайдалуу келишим деп атап, буга чейинки жер талаштарга чекит коёт деп ишендиргенге аракет кылды. Бирок чогулгандар буга ынаган жок.

Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында болду.

Кара-Сууга эл менен жолугушууга барган Ташиев нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагым кылууну көздөгөндөр бар экенин да айтты. Чогулгандар анын бул сөзүнө нааразы маанайда жооп кайтарышты.

Жергиликтүү тургандар "Кемпир-Абаддын" жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, 17-апрелде мөөнөтсүз акция башташкан.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунда тургундар менен жолугушуу учурунда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

Жергиликтүүлөр ушул билдирүүдөн улам мөөнөтсүз нааразылык акция баштаган.

18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.

Жер алмашуу аракети быйыл 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости