www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Нур-Султан шаарынын тургуну Мария Ауэзова Эверест чокусунун базалык лагерине эки буту жоктугуна карабай, колдору менен көтөрүлдү. Бул тууралуу Мария Ауэзова соцтармактагы баракчасына жазды. 

Ауэзованын  Instagram баракчасындагы жарыяланган билдирүүдө айтылгандай, ал 5 364 метр бийиктикке көтөрүлгөн дүйнөдөгү биринчи кыз болду.

Бийиктикке көтөрүлүүгө даярдануу үчүн бир жарым жыл убакыт кеткен.

"Бизге бул мүмкүн эмес деп айтышкан. Бирок, биз аны аткардык! Ушундай кыйын сыноолор мага жеңиш алып келди. Ооруу, тердөө, көз жаш жана дененин ар бир сантиметрине кирген катуу суук. Бирок, баары жеңиш менен аяктады! Мен өзүмө дагы бир жолу ишенүүгө жана коркуу сезиминен арылууга үйрөндүм", - деп бөлүштү Мария.

Мария Ауэзова мындан алты жыл мурун оорудан улам эки бутунан айрылган.

Келечекте Мария протез буттары менен Непалга кайтып келип, ушул жолду дагы бир жолу багындырууну ниеттенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости