www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Хьюман Райтс Уотч» (HRW) уюмунун 19-апрелде жарыяланган баяндамасында Кытай бийлиги уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарына карата адамгерчиликке каршы оор кылмыштарды жасаганы белгиленген.

Баяндамада Кытай бийлиги камоо, кыйноо жана куугунтукка алган учурлар үчүн жоопкер экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле эл аралык коомчулукту бул маселеге терең көңүл буруп, айыптуу тарапты жоопко тартып, бул багыттагы саясатын өзгөртүш үчүн Кытайдын бийлигине басым көрсөтүүгө чакырык ташталган.

«Кытайдагы уйгурларга жана башка түрк мусулмандарына карата адамгерчиликке каршы кылмыштар» деп аталган баяндамада Кытай бийлигинин адам укугун одоно бузган учурлары документтештирилген.

Баяндаманын авторлору БУУнун Адам укугун коргоо кеңешин бул кылмыштарды иликтеп чыгып, ага катышы бар жооптуу адамдарды жазалоону сунуштайт.

АКШ уйгурларга карата мамилени этностук азчылыкка каршы кыргын (геноцид) катары баалаган. Бээжин айыптарды четке кагып, бул жайларды «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости