www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 25-апрелде Өзгөн районуна барып, «Кемпир-Абаддагы» жерлердин алмашуусуна каршы акцияга чыккандар менен жолугат. Маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү ырастады.

Атайын кызматтын жетекчиси эл менен Куршаб айылындагы стадиондо жолугары күтүүлүдө.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы төрт күндөн бери уланып жатат. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы чыгышты.

Белгилей кетсек, 23-апрелде «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы митингге жүздөн ашуун киши чогулуп, «Суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин» деп өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышкан.

Алар «Кемпир-Абадга» байланыштуу чечим чукул чыкканын айтышып, суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

Эске салсак, буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөгө чогулуп, боз үй тигишкен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости