www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төңкөрүштү ич ара бийлик талашып дагы өзүңөр жасашыңар мүмкүн. Биз бийлик талашкан жокпуз, мекенди, Кемпир-Абадды талаштык. Бул тууралуу Алты айдан бери камакта жаткан саясатчы, активисттердин Башкы прокурор Курманкул Зулушовго жазган Ачык катында айтылат.
Аталган кат камакта отургандардын бири, Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Тексти өзгөртүүсүз беребиз:
"Урматтуу Башкы прокурор!
1. 2023-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңештин жыйынында сиз депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, КР Конституциясында (57-берене) жана КР КЖПКда (17-берене) бекитилген адамдын күнөөсүздүк презумпциясын одоно буздуңуз!
2. Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилиши боюнча каршы пикирибизди ачык айтып чыкканыбыз боюнча кылмыш иши козголуп, жапырт камакка алынганыбызга 6 ай толсо дагы, бизге “төңкөрүшчү” деген соттун күчүнө кирген өкүмү тургай, сиз айткан “төңкөрүшчү” же “төңкөрүшкө чакырык жасаган” катары жоопко тарткан тергөөчүнүн токтому да жок. Эгерде ушуну билбесеңиз коомчулукка, депутаттарга жалган маалымат берип, жаныңызга эмне күч келди?!
3. Биздин арабызда эки элдик ынкылабдын каармандары бар. Бирок сиздерге окшоп экс-президент С.Жээнбековдун коркоктугунан пайдаланып, шантаж жолу менен мамлекеттик бийликти ээлеп алган “төңкөрүлүшчүлөр” жок. Төңкөрүштү ич ара бийлик талашып дагы өзүңөр жасашыңар мүмкүн. Биз бийлик талашкан жокпуз, мекенди, Кемпир-Абадды талаштык.
4. Сиз айттыңыз: “Бизди Кемпир-Абадчы дебегиле” – деп. Кемпир-Абад Өзбектерге берилишине ачык каршы пикирибизди билдиргенибиз үчүн 6 айдан бери мыйзамсыз түрмөдө отурган биз Кемпир-Абадчы болбогондо, кичи мекенинин бир бурчу Өзбектерге берилип жатканда үнүңүздү чыгара албаган сиз же ага “макул” деп добуш беришкен Э.Сатыбалдиев, У.Ормоновго окшогон Өзгөндүк депутаттар Кемпир-Абадчы болосуңарбы?!
КР Конституциясынын 105-беренесинде “КР прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт” – деп бекитилген.
КР Прокуратурасы жөнүндөгү Конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинде “Прокуратура мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыңдалышынын, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылуучу мамлекеттик орган” – деп аныкталган.
КР КЖПКнын 34-35-беренелеринде прокурордун алгачкы тергөө органдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) көзөмөлдүк кылуу ж.б. тергөө жана сот процесстериндеги прокурордун ондогон ыйгарым укуктары бекитилген.
Бирок, прокуратура органдарын сиз башкарган эки жарым жыл ичинде Кыргызстан айрым авторитеттүү эл аралык уюмдардын чыгарган тыянагы боюнча коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү, адам укугу менен эркиндиктеринин, сөз, ой, пикир эркиндиктеринин жана мыйзамуулуктун сакталышы боюнча начар өлкөлөрдүн алдыңкы 30 өлкөнүн арасында жүрөт. Буга сиздин кошкон “салымыңыз” абдан чоң жана жогоруда аталган Конституция менен мыйзамдардагы прокуратурага жүктөлгөн милдеттерди сиз аткара алган жоксуз деп эсептейбиз.
Эки жарым жыл ичинде бир дагы “громкий” коррупциялык ишти бүтүрө алган жоксуздар. Жалгыз министр Бейшеналивге козгогон ишиңерди да ИИМ “бүтүрүп”, прокуратураны плинтуска чейин “опускать” этти.
Эгемендик доордо прокуратура органдары сиз жетектеген доордогудай кудуретсиз болуп, ылдый түшкөн эмес.
Эгерде Ташиев жетектеген УКМК менен сиз жетектеген прокуратуранын эки жылда аткарган иштерин салыштырсак УКМК үч (3) деген баага, ал эми прокуратура нөл (о) деген баага татыктуу болот.
6 айдан бери мыйзамсыз камакта отурушкан Кемпир-Абадчылар ушул мөөнөт ичинде жеке сиздин өзүңүзгө тергөө органдары, тергөөчү У.Жапеков тарабынан бузулуп жаткан мыйзам бузуучулук боюнча ондогон арыз, өтүнүчтөр менен кайрылды.
Айрымдарын белгилеп кетели:
- Кемпир-Абадчылардын үстүнөн козголгон кылмыш иштин мыйзамсыз козголушу боюнча;
- Кемпир-Абадчылардын үйлөрүнө мыйзамсыз тинтүү жүргүзүлүшү боюнча;
- Тергөө тобунун жетекчиси У.Жапековдун мыйзамдарды бузуп, тергөө аракеттерин жүргүзгөнү, айыпкерлердин экспертиза дайындоодогу укуктарын бузганы, кылмыш ишке жашыруун грифин бергени боюнча анын үстүнөн кылмыш иш козгоо, тергөө жүргүзүүдөн четтетүү жөнүндөгү;
- Тергөөчү У. Жапековго четтетүү өтүнүчү боюнча билдирүүлөр ж.б. арыз, даттануулар менен жеке сизге кайрылышты.
Сиз тарабынан ал арыз, даттануу, өтүнүчтөр маңызы боюнча каралып, тийиштүү арыз ээсине мыйзамдуу жана негиздүү жооп бергендин ордуна, бардык арыз, өтүнүчтөрдү чечүү, кароо үчүн тергөөчү У.Жапековдун өзүнө кайра жиберилгени эч бир акылга сыйбаган жорук.
Башкасын айтпаганда да тергөөчү У. Жапековдун өзүнө келтирилген четтетүү өтүнүчү мыйзам боюнча 3 күндүн ичинде прокурор тарабынан каралып, өтүнүч ээсине билдирүү керектиги так жазылып турса да, 6 айдан бери аны карабаганыңыз, өтүнүчтү У.Жапековдун өзүнө кароо үчүн жибергениңиз биз эле эмес, У.Жапековдун өзү дагы колун жайып “эмне кылам” - деп күлүп отурат.
Камакта мыйзамсыз отурушкан Кемпир-Абадчылардай эле Жогорку Кеңештин эки депутаты (А.Мадумаров, И.Масалиев) тегөөчүнүн айыптоо актысы аркылуу кээде биздей эле айыпкер, кээде фамилиялары “жоголуп” кетип жатат. Бул фактынын өзү да сиздин жердешчилик көзөмөлдүгүңүздөн же адамдардын мыйзам алдындагы тең укуктуулугуна болгон тандалма, кош стандарттуу мамилеңиздин үзүрү экени билинип турат.
Сиздин Башкы прокурор мезгилиңизде:
- 1992-жылдан 2021-жылдын март айына чейин созулган Кумтөр алтын кениндеги Акаевдин коррупциялык иштери “эскирүү мөөнөтү” менен мыйзамсыз кыскартылды. Акаевдин Кумтөрдөгү кылмышы, аны Кыргызстандын өзүнө кайтарган 2021-жылдын май айында аяктады. Эскирүү мөөнөтү ушул күндөн саналат;
- Бир нече расмий түрдө “Бакиевдерди Белорусия бербей жатат” – деп айттыңыз эле. Эмне үчүн Бакиевди президенттин “кенен жайган дасторконунун” үстүнөн кармаган жоксуз?!
- 2010-жылдын апрель ынкылабынан кийин, коррупциялык иштери үчүн өлкөдөн качып кетишкен Максим Бакиевдин, А.Ширшовдун, алардын ондогон тарапташтарынын, башка коррупционерлердин үстүнөн козголгон кылмыш иштер сиздин көзөмөлүңүздүн астында тымызын жабылып жатканы, айрымдары кызматтарга дайындалганы белгилүү. Ал боюнча өзүнчө кенен сөз болот!
- Кустурбайчылык борбордон региондорго жетип, акчаң болсо үйгө, акчаң болбосо түрмөгө заманы орноду;
- Сиздин “мыйзамдуу көзөмөлүңүздүн астында” бир тууган бир иниңиз эки жылда Ош шаарынын борборуна 13 этаждуу үй салганга жараган ири ишкерге, дагы бир кайниңиз капчыктуу ири бажычыга айланганы ж.б. кыңыр иштер ачыкка чыгып жатат.
Акыркы күндөрү эки достун ортосундагы ажырымдан улам, Ташиевдин ордуна президентти жандоочу болуп калдыңыз.
Жогорку Кеңешке барып “сот, укук коргоо органдарына реформа керек” – деп да реформаторчу болуу оюңуз бар экенин жашырбадыңыз.
Конституциялык деңгээлде реформа болгонуна эки жыл боло элек. Жаңы эле кабыл алынган мыйзамдардын көпчүлүгү так иштей элек.
Реформаны коюп, Конституция менен ошол мыйзамдардын так, бирдей аткарылышына, сакталышына көңүл буруу керек. Мыйзамдар иштебей, прокурордук көзөмөлдүн жоктугунан Кыргызстан “Дурдомстанга” айланып баратат.
Кыргызстандын, кыргыз элинин тарыхында мурда эч качан 70 тен ашкан жана жаш балалуу аялдарды буюртма кылмыш иш менен эмес, жасаган кылмышы үчүн да 6 айлап жапырт камаган жорук болбогон. Кыргыз элинин салтында да аялдарга, энелерге мындай мамиле кылуу жок. Сиздин прокурордук доордо аялдарга ушундай адепсиз мамиле болду.
Биз мыйзамсыз камакта отурган Кемпир-Абадчылар ыйык Рамазан айында Президенттин “Кыргызстандын келечеги, элдин биримдиги үчүн “ынтымакта бололу” – деген саясатын колдоп, саясий өңүттөн козголгон кылмыш ишти, саясий диалог жолу менен чечүү үчүн атайын кол сунуп кайрылганбыз. Азырынча Президенттен жооп ала элекпиз. “Жакшы жандоочу кийик аттырат” – деген элибизде сөз бар эле. Бирок, президентти азыр жандап жүргөн сиздин кечээ Жогорку Кеңешке бизди “төңкөрүшчү-кылмышкерлер катары атагыла” – дегендей сөзүңүздөн кийин, президент кандай кийик атаары түшүнүктүү болуп турат. Ага карабай рамазан айынын аягына чейин сабыр кылабыз. Эгерде президент биздин сунган колду четке какса, орозо бүтөөрү менен биздин да айтыла элек сөздөр айтыла баштайт.
Ага биздин күч-кубат, дух, саясий тажырыйба жетишет.
Урматтуу Башкы прокурор, бизди негизсиз жана мыйзамсыз “төңкөрүшчүлөр” деп Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан, ыйык Рамазан айтканыңызды бийликтин буюругун аткарып,
6 айдан бери бизге эмне айып коёрун билбей айласы кетип турган тергөөчү Жапековго сиздин түздөн-түз мыйзамсыз берген көрсөтмөңүз деп эсептейбиз.
Эгерде 2023-жылдын 11-апрелинен кийин бизге, кайсыл бир Кемпир-Абадчыга “төңкөрүшкө” байланыштуу же ага чакырык жасаган деген сыяктуу айып коюлса, бул сиздин көрсөтмө менен коюлган күнөө катары кабыл алабыз. Анткени ушул күнгө чейин бизге андай беренелер менен айыптоо актылары чыгарылган эмес. Муну коомчулуктун жана сиздин бизди “төңкөрүшчүлөр” деп атаган сөзүңүздү угушкан депутаттардын дагы кулагына күмүш сырга катары салабыз.
Сиздин бизди негизсиз, мыйзамсыз “төңкөрүшчүлөр” – деп атаганыңыз үчүн сизди сотко берерибизди да билдиребиз.
Эки жарым жыл ичинде өлкөбүздө болуп жаткан мыйзамсыздыктар, мыйзамдардагы адам укуктары менен эркиндиктери, сөз, ой-пикир эркиндиктери бузулуп жатканы, ушул маселелерде прокуратура органдарынын шалдыгына байланыштуу сизге ээлеген Башкы прокурордук кызматыңыздан өз эрки менен кетүүнү талап кылабыз", - деп жазылат катта.
Булак: NazarNews.kg