www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Өзгөн районунда белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылганы боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 7-августунда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерди кароо учурунда дененин күн тийген тарабы күрөң түскө өзгөргөнү, ал эми баш бөлүгү денеден болжол менен 600 метр аралыкта жатканы аныкталган.
Учурда күбөлөр суралып, маркумдун өлүмүнүн себебин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милициянын маалыматына караганда, баштын денеден кандай жагдайда ажыраганы экспертизанын жыйынтыгынан кийин гана белгилүү болот. Алдын ала маалымат боюнча, жансыз дене сууда бир топ убакыт жаткан болушу мүмкүн.
Ош ОИИБ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого, ошондой эле улут аралык кастыкты козуткан же коомчулукта дүрбөлөң жараткан билдирүүлөрдү жарыялоодон карманууга чакырды.
Азыркы учурда маркумдун өздүгүн жана өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Белгилери:
Бою: 160–165 см;
Үстүндө кара түстөгү спорттук жемпир;
Ичинде жашыл түстөгү футболка;
Астында кара түстөгү спорттук шым;
Бутунда жашыл түстөгү спорттук бут кийим;
Кийимдери ылай болгон абалда.
Маркумдун өздүгүнө байланыштуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан жакынкы милиция бөлүмүнө же төмөнкү байланыш номерлерине кайрылуу суралат:
+996 222 224 222
+996 776 612 525
+996 779 215 653
+996 772 214 224
же 102 кыска номуру.