www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мааракенин жүрүшүндө конокторго Тоң районунун тарыхы, жаратылышы, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу атайын тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле райондун басып өткөн тарыхын, элинин каада-салтын, маданий мурасын жана белгилүү инсандарын камтыган театрлаштырылган программа тартууланды.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев Тоң району кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө, маданиятына жана мамлекеттүүлүгүнө зор салым кошкон залкар инсандар чыккан аймак экенин белгиледи.
Ал Тыныбек, Деңизбай, Саякбай, Мамбет, Каба сыяктуу манасчылар «Манас» эпосун сактап, кийинки муундарга жеткирүүгө чоң салым кошконун айтты.
Ошондой эле төрага Тоң жергесинен чыккан мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, адабият, маданият, искусство жана спорт өкүлдөрүнүн эмгегине жогору баа берди.
«Тоң – тарыхы терең, руханий мурасы бай, улуу инсандарды тарбиялап өстүргөн касиеттүү жер. Бул жерден чыккан залкарлардын эмгеги жалпы кыргыз элинин сыймыгы», — деди Марлен Маматалиев.
Мындан тышкары, ал өлкөдө аймактарды өнүктүрүүгө, айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык объектилерди жаңылоого жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Тоң районунун 90 жылдыгына арналган иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты, аталган округдан шайланган депутат Болот Сагынаевдин колдоосу менен уюштурулду.
Мааракеге Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун тургундары, ардактуу коноктор жана коомчулук өкүлдөрү катышты.