www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Кенешбек Айтикеев жан дүйнө илими тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Биз жашаган дүйнөдө, башкача айтканда, жерде эле бир нече дүйнөлөр бар. Ар бир дүйнөнүн жашоо шартын түшүндүрүүчү, өнүктүрүп өстүрүүчү өзүнчө илими бар. Мисалы, жаныбарлар дүйнөсү, ал жөнүндө экология, мал чарбачылык илимдери, өсүмдүктөр дүйнөсү, ботаника ж.б. илимдер. Жаратылыш байлыктары боюнча өзүнчө дүйнө, өзүнчө илим бар. Канаттуулар дүйнөсү, Курт-кумурскалар дүйнөсү, океан, деңиз түбүндө да, өзүнчө жашоо дүйнө бар. Алар жөнүндө өзүнчө илими бар. Жердин жети катмарында сырдуу жаткан сыр дүйнө жатат. Ал эми чексиз дүйнө деп аталган Ааламда, б.а. Куранда айтылып жүргөн он сегиз миң Ааламдын ар бир Ааламында өзүнчө жашоо дүйнө бар. Ушул дүйнөлөрдүн баарын окуп үйрөнүп, илим тармактарын ачып үйрөнүүчү акылдуу, эстүү адамдар дүйнөсү жана адам жөнүндө бир нече илимдер бар. Жогорудагы дүйнөнүн баарында тирүү жандар жашашат. Тирүү жан болгондон кийин ойлонушат, сезишет. Бирок ой, сезим, жан жана башкалар дененин ичинде аба сыяктуу ар бир клеткада жүргөндүктөн көзгө көрүнбөйт. Аларды көрүнбөгөн дүйнө же параллель дүйнө деп атап коебуз.

Бардык дүйнөдөгү жашоочуларда көзгө көрүнбөгөн молекула, атом, электрон, протон, аларга карама каршы анти атом, анти электрон, анти протон, анти нейтрон деген дүйнөнү түзгөн (көзгө көрүнбөгөн) бөлүкчөлөр бар. Биз жашаган дүйнө материалдык дүйнө деп аталат, көзгө көрүнгөн дүйнө деп койсок да болот. Бул дүйнөнү бөлүкчөлөр (атом, электрон, протон ж.б.) түзүшөт да, материя деп аталат. Бул бөлүкчөлөрдүн карама каршысы деп эсептелген антибөлүкчөлөр бар, б.а. анти электрон, анти протон ж.б. Бул бөлүкчөлөр көзгө көрүнбөгөн антиматериалдык дүйнөнү түзүшөт. Ошентип дүйнө материалдык дүйнө жана антиматериалдык дүйнө деп экиге бөлүнөт. Баарында тирүү жандар жашашат. Тирүү жан болгондон кийин ар бир дүйнөнүн жашоо шартын түшүндүрүүчү илими болот. Ааламдагы Акылдуу зат бардык нерсени жуп жана карама-каршы жараткандыктан дүйнө да жуп, карама-каршы жаралган. Жерде жашаган тирүү жандардын жаны бар. Алар (адам, жан-жаныбарлар) жогорудан келген энергиянын (күн нуру, Ааламдагы нур, адамдардын энергиясы ж.б.) нуру менен азыктанып, энергия менен кыймылга келет. Жан да энергия. Бөлүкчөлөр да, анти бөлүкчөлөр да адамдын ичинде жайгашкан. Өлгөндө алар жалындаган көк жашыл күмүш сымал жан менен кошо ааламга жарык толкун сыяктуу эң жогорку жыштыкка, толкун касиетине ээ болуп Ааламга учуп барышып, ар бири өзүнүн тазалыгына, жаркырактыгына, өзүнө жараша, ал жактагы Ааламдын кабыл алышына жараша жашап, Ааламдагы жан дүйнө, Рух дүйнө, Жин дүйнө, Периштелер дүйнөсү, музыка дүйнөсү, музыка дүйнөдө адамдар (атомдон жасалган үрөйү) музыкадай таза жашашат. Ошондой эле Нур дүйнө, өтө жарык дүйнө, Тозок дүйнө өзүнчө эле планета, Бейиш дүйнө, бул да планета сыяктуу. Ар бир дүйнөнүн илими бар. Биз көзгө көрүнбөгөн электр тогун, магнит талаасын жана башкаларды материя дейбиз. Электр жарык жылуулук берип өзүнүн бар экендигин сездирет. Магнит башка нерсени өзүнө тартып сездирет. Буларды электрдин касиети, магниттин касиети деп атайбыз. Демек, көзгө көрүнбөгөн нерселердин адамдарга сездиргенин касиети деп айтабыз. Ааламдагы периштелер, Рухтар ж.б. да адамдарга бар экенин сездирет. Ал үчүн, адам таза Алла жолунда жүрүү керек. Рухтар, периштелер касиети аркылуу бар экенин сездирет. Антидүйнөдө (Ааламда) жашашат, алардын денеси жаркырап, таза, атом бөлүкчөлөрдөн жаралгандыктан ааламдагы энергия менен тамактанышат. Алардын сезими өтө өнүккөн. Алар акыл менен иштебейт, сезим менен иштешип, сезим менен сүйлөшүп, жарык ылдамдыгындай ылдамдык ой менен бирдей ылдамдыкта каалаган жерине келип каалаган пендесине байырлап, өз таасирин сездирип касиетин көрсөтөт. Ошентип Ааламда Ой дүйнөсү, Сезим (сезим, ой, булар электр, магнит талаага окшош материя) дүйнөсү жана башка жүздөгөн жашоо дүйнө бар. Ошондуктан ал жакта жашаган Рухтар, периштелер ж.б. Жердеги адамдар менен, оюна салып, дилине, сезимине салып сүйлөшүшөт. Көп адамдар ага көңүл бурбай жолунан адашат. Акыл менен иштейм деп акылынан адашып, кара ишти жасап, кара жолго түшүп өзүн азапка салат. Ааламдагы жашоочулардын баарынын жаны бар. Ошондуктан Жан дүйнө деген өтө кеңири, өтө терең жана сырдуу илим бар.

Жан дүйнө илими ааламдагы чексиз жашоочулардын жашоо турмушун үйрөтөт да, адамдарды көзгө көрүнбөгөн дүйнө (ааламдагы) жана аралаш жашап жаткан көрүнбөгөн параллель (аралаш жашаган) дүйнөдөгүлөр менен мамиле түзүүгө, алардын бар экенине ишенип, Аллага ишенип, ак жолдо жүрүүгө тарбиялайт, жол жосун үйрөтөт. Жан дүйнө илимин алган адам бул дүйнөдө байлыкка, бийликке кызыкпайт, кара ойлобойт, өзүнүн жанын аппак тарбиялап, өзүн о дүйнө, бейиштеги жашоо үчүн кам көрөт. Жан дүйнө илими ааламдан периштелер аркылуу жердеги тандаган пендесинин оюна салып, сезимине берилет. Жан дүйнө илимин акыл менен жазууга мүмкүн эмес. Жердеги жашаган ар бир адам өзүн ааламдык жашоого даярдоо керек. Жерде өзүңдү кандай даярдасаң (Алла жолунда) өлгөндөн кийин о дүйнөдө ошондой жашоо көрөсүң. Адам өзүнүн ички дүйнөсүн (оюн, дилин ж.б.) тазалоо менен өзүн өстүрүп, өркүндөтүп, аруулап, тазаланып, оюн түздөп, пейилин оңдоп жашоо турмуш өткөрсө, ааламдан жан дүйнө илимин алууга жетишет. Анткени Аалам, жер, пенделер энергия менен курчалган. Ал эми ааламдан кабарлар энергия аркылуу келип ойго салынып жазылат. Балык деңизде сүзүп жүргөндөй адамдар энергия арасында басып жүрөбүз. Бирок Ааламдагы Акылдуу зат каалаган пендеси гана Ааламдан энергия менен агып келген илимди алууга жөндөмдүү. Илим да насип. Алла кимге насип этсе, ошол пенде алат. Жан дүйнө илими адамдардын аң сезимин, оюн өстүрүү үчүн, дилин, жүрөгүн тазалоо үчүн жана Ааламдык жашоого даярдоо үчүн берилет. Жан дүйнө илими – Алланы таанытуучу илим. Алланы чын жүрөгү менен тааныган адам эч качан кишинин акысын жебейт, түн катып уурулукка чуркабайт, ар дайым акыйкат, чындык, абийир, намыс үчүн элге жакшылык жасап, Алланын алдында ак жашоого аракет кылат. Аллага ишенген адамдар эч качан тартип бузбайт. Ар дайым Алланын колдоосунда болуп, иши оңолуп, жолдору дайыма шыдыр болуп, ойлогон ою орундалат. Алланы жүрөгү менен сүйгөн пендеге Алла дайыма жардам берет. Ал эми Алланын жолуна Жан дүйнө илими үйрөтөт. Жан дүйнө илими менен ички дүйнөңдү аруулап, тазалап, адамдар аркы дүйнөгө өздөрүн даярдап, жан дүйнө жашоосуна кам көрөт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости