www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызбай Бакиев 84 жашында каза тапты

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Кыргызбай Бакиев 1936-жылы Сузак районундагы Кара март айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Жогорку билимдүү, 1961-жылы Ташкенттеги темир жол транспорт институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1955-жылы мастер болуп иштеп баштаган. Кийин Ош областтык керек-жарак коомунун курулуш уюмунда, Базар-Коргондогу жана Ала-Бука районундагы ПМКлардын начальниги, “Союзпромтеплиц тресттинин” курулуш уюмунун жетекчиси, Жалал-Абаддагы курулуш деталдар комбинатынын директору болуп эмгектенген.

1994-1997-жылдары Жалал-Абад облсаттык социалдык жактан коргоо башкармасынын башчысы болгон. Анын жетекчилиги астында Кызыл-Кыядагы консерва заводу, Жаңы-Жол, Лейлек, Өзгөн райондорундагы мектептер, маданият үйлөрү, универмаг, балдар бакчалары, Жалал-Абад шаарындагы областтык керек-жарак союздун өндүрүштүк базасы, универсалдуу соода базасы, консерва заводу, жыгачты кайра иштетүү заводу, теплицалардын курулушу, областтык социалдык жактан коргоо башкармасынын имараты жана башка бир катар маанилүү обьектилер курулган. Эл алдында сиңирген эмгеги үчүн Россия, Өзбекстан Республикаларынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Курулуш тармагында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” деген наам алган. Ал Жалал-Абад шаарынын жана Ала-Бука районунун Ардактуу атуулу. Бакиев Кыргызбай бир нече жолу областтык, райондук Кеңештерге депутат болуп шайланган. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ардактуу пенсияга чыккан. Кыргызстан элдеринин Ассемблеясынын Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

84 жашында каза тапкан Кыргызбай Бакиевдин жакындарына жана мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кыргызбай атанын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.  

Булак: NazarNews.org

Последние новости