www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Элдин акыркы ишеничин жоготпой, үмүтүн өчүрбөөгө болгон аракеттер жасалуусу керек деп ойлойм», - деди бүгүн, 30-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев.
- Чек ара маселесин тактоого киришип, талаштуу жерлерди аныктайбыз дегенде неге тажиктер кол салып, жаңжал чыгарды?
- Бул маселелерди талкуулоодо үстүртөн эмес, тереңине, негизине карашыбыз керек деп ойлойм. Менин пикиримде, жаны бийлик чек ара маселелерине киришкенде эле «ээрге кыйшык отуруп алды». СССР урагандан кийин,30 жылдан бери келе жаткан маселени 3 айда чечип салуу мүмкүн эмес.
Буга чейин чек ара маселелери боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага тиешелүү укуктар, полномочиялар берилип, аны Президент менен Өкмөт башчысы түз көзөмөлдөп, курч маселелер, көйгөйлөр Коопсуздук кеңешинде, Өкмөттүн отурумдарында, Жогорку Кеңештин жыйындарында ачык же жабык талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынчу. Кимдер даярдап, сунуштап, ким жооптуу экени билинчү.
Негизи чек ара маселелерин чечүүдө катуулук, чечкиндүүлүк (волюнтаристтик) эмес, - дипломатиялык, саясий, экономикалык, идеологиялык ж.б.у.с. иш чараларга басым жасалуусу керек. Бүгүнкү күндө чек ара маселелери бүт бойдон К.Ташиевдин мойнуна жүктөлүп, арабаны ал жалгыз сүйрөп бараткандай пикир калтырып жатат.
Анын Тажикстан, Өзбекстан тараптарга берген сунуштары кайсыл деңгээлде даярдалып, талкууланып, макулдашылып, чечилгенин эч ким билбейт. К.Ташиев «берип койдум, чечтим, алып койобуз, кайра карап көрөбүз» деген сөздөрү түшүнгөн адамдарды ойго салат. Ал биринчи кезекте мамлекеттик коопсуздук, чек ара кызматтарынын, күч структураларынын жетекчиси. Бул жерде күчкө салуу, басым жасоо болбойт. Башка инструментарий керек жогоруда айткандай.
- Бул окуя мурда кийин болгон жаңжалдарга окшошпу же башка багытка кеттибидл?
- Бүгүнкү күндө болуп жаткан чыр биринчиси да акыркысы да эмес. Тилекке каршы, окуялар курч, кооптуу тарапка өнүгүп бара жатат. Биздин куралдуу күчтөрдүн Баткен облусунда өткөргөн машыгуусун кошуналар терс кабыл алып, жооп катары андан да чоң, күчтүү машыгууну өткөрүштү.
Кошуна мамлекеттин жетекчилери (мурункулары да, азыркылары да) катуу билдирүүлөр менен чыгышты. Ошондуктан, бүгүнкү абал кооптуу десем жаңылышпайм. 30 жылда чогулган көйгөйлөрдү, маселелерди 100% жана тез, оңой чечүү мүмкүн эмес.
Бүгүнкү күндө биздин коомдо болуп жаткан процесстерди, мамлекеттик башкаруунун деңгээлин, тартипсиздикти, мыйзамдардын иштебегенин, көп чоң жетекчилердин сабатсыздыгын, экономикадагы, ички-тышкы саясаттагы туруксуздукту бардык кошуналарыбыз тыкыр карап, изилдеп, тиешелүү тыянактарды чыгарып турушат.
Ошондуктан, биздин бирөөнү коркутуп, үркүтүүбүз чоң күмөн. Бул бүгүнкү күндө ачуу, бирок реалдуу чындык. Буга Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин айтканы эле жетиштүү го.
- Абалды кантип жөнгө салышыбыз керек?
- Албетте, эмне кылуу керек деген суроо жаралат. Менимче, биздин бир кана жолубуз бар! Мамлекетти, элди бүгүнкү күнү башкарып жаткан адамдар өз ичибизден душман издебей, тез аранын ичинде улуттук биримдикке, ынтымакка алып келе турган кадамдарды жасашы керек. Негизги көңүл, аракеттер экономикалык жана коомдук өнүгүүгө бурулушу керек. Убакыт абдан ченелүү!
Ошондуктан, жакынкы арада КР Президенти Садыр Жапаров өзүнүн программалык кайрылуусу менен элге чыгышы керек. Анда бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаал, анын объективдүү жана субъективдүү себептери,1-2 жылга койулуучу стратегиялык максаттар, ага жетишүүнүн багыттары жана жолдору, аткаруу убактылары, жооптуу жетекчилери ж.б. айтылуусу керек.
Элдин акыркы ишеничин жоготпой, үмүтүн өчүрбөөгө болгон аракеттер жасалуусу керек деп ойлойм. Азыр ар кимибиз жеке кызыкчылык, амбицияларыбыздан мамлекеттин, элдин келечегин жогору коюшубуз керек.
Булак: NazarNews.kg