www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Nazarnews маалымат агенттиги генерал, коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
-Кеңешбек мырза, Кыргызстанда бийлик алмашты дегени менен абал турукташпай тескерисинче нааразычылык күч алууда. Сиздин баамыңызда мамлекетибиздеги абал кайсыл жакка ооп баратат?
- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда абдан оор саясий-коомдук абал түзүлдү. Себеби, окуялар укуктук талаадан чыгып, кайра эле бийликти күч менен басып алуу, мамлекеттик кызмат орундарын устукан бөлгөндөй эле бөлүп алуу башталды. Кайрадан жарадар, курман болгон адамдар, кан төгүү болду. Буга, албетте, биринчи кезекте мамлекеттик бийликтин, бийик кызмат орундарын мыкчып отурушкан атка минерлердин жоопкерсиздиги жана мажүрөөлүгү болду. Жакынкы мезгилде окуялар оор багытта гана өнүгөт деп ойлойм. Анткени, бийликти басып алган күчтөр радикалдуу, бири-бирине ойлору, позициялары, принциптери дал келишпеген күчтөр. Алар бириктирген бир эле максат-бийликти басып алуу болчу. Убакыт өткөн сайын көз караштардын айрымалары ачыкка чыгып, каршылашууга, тирешүүгө алып келет. Чынында эле өлкө менен элибиз жарандык каршылашуунун мизинде турат. Мындан чыга турган бир кана жол бар. Тез арада укуктук талаага келип, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын өткөрүп, болуп жаткан процесстерди мыйзамдык нукка салуу керек.
- Элдик бийлик ишке киришиши керекпи же Сооронбай Жээнбеков легитимдүү укуктарын колдонушу керекпи?
- Бүгүнкү күндө мыйзамдуу бийлик бутагы - Жогорку Кеңеш. Президент дагы, Өкмөт дагы белгилүү себептерден улам толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, күн өткөн сайын моралдык, саясий укугу кыскарып бара жатат. Мындан аркы окуялар кайсы багытта өнүгөөрү Жогорку Кеңештин отурумунан, анын конструктивдүүлүгүнөн, консенсуска келе алышына көз каранды.
NazarNews.kg