www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө «Каркыра» текшерип өткөрүү пунктун жабуу жөнүндө сунуш Мамлекеттик чек ара кызматына жиберилди. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Анын айтымында,  мындай чечим Каркырада жааган калың кардан улам кабыл алынган.

«Облустун ыкчам штабы бүгүнкү отурумунда «Каркыра» текшерип өткөрүү пунктун убактылуу жабууну чечип, сунушту Мамлекеттик чек ара кызматына жиберди. Түндө Түп районунун Каркыра өрөөнүндө 15 см кем эмес кар жааган. Ушундан улам автоунаалардын каттамына тоскоолдуктар жаралып калышы мүмкүн».

2020-жылга чейин казак-кыргыз чегиндеги бул текшерип өткөрүү пункту жайкы эс алуу мезгилинде гана иштеп келген.

Күнүгө таңкы 08:00 баштап 18:00 чейин кызмат кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости