www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Замирбек Өсөров аттуу тарыхчы жана жазуучу казактын ханы Кенесарынын эстелигин Бишкекте орнотуу керек деген пикирин жазып чыккан.

“Казактын акыркы ханын эскерүү жөнүндө…

Биздин оюбузча кыргыз эли убагында туура эмес кылганын моюнуна алып, Бишкек шаарына казак элинин акыркы ханы, улуу Кенесарынын жаркын элесине арналган айкел орнотсок туура болот. Бул улуу адам өмүр бою басмачылар менен кашык каны калгыча салгылашып, акырында орус падышачылыгынын куугундарынан качып, кыргыз элин тууганы катары жакын тутуп келсе, биз аны калкалап калгандын ордуна башын алып, орус падышачылыгына бергенбиз. Буга карабастан казак боордоштор бизге бир туугандык сезимди сактап келишет. Эгер биз Бишкек шаарына Кенесары хандын айкелин орнотуп, борбордук бир көчөгө анын ысымын ыйгарып, казак элинен кечирим сурасак туура болот”, - деп жазган.

На изображении может находиться: 1 человек, текст

Замирбек Өсөровго тарыхчы Тынчтык Чоротегин жооп кылып, төмөндөгүдөй билдирүүсүн жарыялады:

Кенесары-баскынчы

Чынында, казак тарыхында казак боордоштордун кыргыз жергесине баш калкалап качып келип, аман-эсен калган учурлары болгон. Өзгөчө 1930-жылдардын башындагы советтик Казакстандагы ачарчылык мезгилинде.

Бирок Замир Өсөровдун бул фолк-хистори чүргөмөсүн тарыхчылар кескин түрдө четке кагышат.

Султан Кенесары Касым уулу Казакстандын тарыхында улуттук баатыр саналаарын жакшы билебиз, бирок анын Кыргызстанга жортуулу - БАСКЫНЧЫЛ мүнөздө болгон, анын аскерин ойрон кылуу Ормон жетектеген кыргыз мамлекетинин күчтөрүнө ата-журтту коргоо зарылчылыгы менен байланыштуу болгон.

Эми Чыңгыз ханга, эмир Темирге, ойрот, манчжур хандарына, Гитлерге айкел тургузуу керекпи?

Айтмакчы, айрым казак султандары кыргыздарга жан тарткан, Кенесарыга каршы турган.

Чыгаан казак тарыхчысы, профессор Мамбет Койгелдиев Кенесарынын Кыргызстанга баскынчыл жортуулун "тарыхый катачылык" деп таамай айтканын мен өзүм уктум.

Теги казак, сөөгү кыргыз, Кыргызстандын ИАсынын мүчө кабарчысы, профессор Анварбек Хасанов агайыбыз да Кенесарынын жортуулун баскынчыл жортуул деп атачу, академик Бегималы Жамгырчинов, маркум профессорлор Кушбек Үсөнбаев, Токторбек Өмүрбеков да Кенесарынын жортуулун баскынчыл деп таасын чагылдырышкан.

Дагы бир ката ойду окуп калдым.

Тарыхчы Зайнидин Курманов жазат: "...А все эти слухи о зверствах Кенесары не более, чем сказки. Нет ни одного конкретного научного доказательства, подтверждающих это. Лишь общие слова. А батыры, с той и другой стороны гибли в боях, это никто не отрицает" ("...Кенсарынын мыкаачылыктары тууралуу уламыштар - жомок сыңары эле. Буга бир дагы конкреттүү илимий далил жок. Жалпы эле сөздөр. Ал эми баатырлар эки жактан тең набыт болгон, муну эч ким четке кагып отурган жок").

Тим эле Кенесары Ысык-Көл тарапка тынч эле конокко же аскери менен турист болуп келе жатканда, Чүйдөн ага тентектер кол салган сыяктуу элес калтырылат.

Кол салуунун, зөөкүрлүктүн өзүн жымсалдоо аракети - ушул. Кыргыз баатырлары эле өлдү дейлик, ошонун өзү азбы? Бирок кыргыздын солто уруусу сыяктуу Чүйдөгү бир катар кыргыз уруулары талап-тонолгон, зомбулукка кабылган фактылар көп.

Ал кезде Чүйдөгү жана ага чектеш бир катар аймактардагы кыргыздар Ормон хан жетектеген эгемен Кыргыз хандыгына баш ийип турушкан. Алардын убактылуу өкүм сүрсө да, чакан, эгемен көчмөн хандыгы Коконго да, падышалык Орусияга да, цин-манчжурларга да баш ийген эмес.

Кенесары алардын эгемен хандыгына нагыз БАСКЫНЧЫ болгон.

Кенесарыга каршы күрөш боштондук мүнөзгө ээ болгон.

Журналист З.Өсөров түгүл, тарыхчы З.Курманов дагы XIX кылымдын тарыхын үстүрт баамдагандыгы өкүнүчтүү.

Кыргыздар Ормонду хан көтөргөндө анын Чыңгыз ханга таандыктыгын эч качан сүрүштүргөн эмес, анткени "Манас" эпосу кыргыздарга Чыңгыз ханга чейин эле өздөрүнүн эгемен хандыгы болгондугун ар дайым эскертип турган тарыхый эс-тутум.

Ошон үчүн Молдо Ыскак Асан уулу өзүн оңой-олтоң Полот хан деп жарыялаган, ал эми Канаат хан, Баатыркан хан жана башка хандар 1916-жылы көптөп чыккан, .

Кыргыздар Чыңгыз хандын урпактарын деле ар дайым баскынчы хандын урпактары катары тарыхый жактан баамдаган чакта, албетте, Кенесарынын султандыгын тоотпогон айырмалуу мамиле жасашат да.

Биз 8-класс үчүн жазылган Кыргыз тарыхы боюнча окуу китебибизде Кенесарынын жортуулун баскынчылык катары таасын жаза бермекчибиз.

Албетте, Кенесары Касым уулу падышалык Орусияга каршы эгемендик күрөштү КАЗАК ТАЛААСЫНДА жүргүздү, бирок КЫРГЫЗСТАНДА анын жортуулу, жогорудагы биз эскере кеткен чыгаан казак тарыхчысы Мамбет Койгелдиев агайдын адилет тастыктаганындай, КАТАЧЫЛЫК болгону шексиз.

P.S. Бул постту мен, буюрса, англисче да жарыяламакчымын", - деп жазган ал.

Залкар окумуштуу, көп кырдуу коомдук ишмер - Тынчтыкбек Чоротегин ...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости