www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үй жаныбарларын коргоого багытталган мыйзам долбоору 23-мартта Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде каралып, талаштуу жагдайлардан улам күн тартибинен кайра алынды.
Өкмөт сунуштаган “Жаныбарларды коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Бул мыйзам долбоору Кыргызстан мүчө болуп саналган Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугу уюмунун (OIE) стандарттарына шайкеш келтирүү үчүн иштелип чыккан.
Парламент депутаты Асылбек Жээнбеков жолбун иттерди атууга тыюу салынган учурда алардын көбөйүп кетүүсүнүн жагдайлары жана кишилерге зыянын тийгизбөө механизмдери мыйзам долбоорунда каралбай калганын белгиледи.
Ал эми дагы бир депутат - Кенжебек Бокоев мал союлуучу жайларда бодо мал электр жана башка ыкмалар менен өлтүрүлүп союлаарын айтып, мыйзам долбоорунда каралган эрежелерге шайкеш келбей калганына көңүл бурду. Депутат мал союудагы ырайымсыз ыкманы кайсы орган аныктаары белгисиз болуп калганын айтты.
“Жылкыны, буканы турган жерде мууздай албайсың. Аны беш алты бала баса калып чыгат, бутун бекем байлайт. Анан кийин мууздайт. Мууздоону жаныбарды кыйналтпай турган ыкма деп ким айтты? Ооба, бул - адал ыкма, бирок, бир уруп жыгып, анан муцздаган бат болобу дейм”, - деди Бокоев.
Бокоев бул мыйзам долбоору Кыргызстанда ишке кириши кыйын деп эсептейт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айчүрөк Баитова долбоордо май союу боюнча талкуулар көп болгонун айтып, мууздап союу туура деген чечим кабыл алынган билдирди.
Баитова жаныбарларга гумандуу мамиле кылууга үндөгөн мыйзам долбоору укуктук мамлекет үчүн керек экенин белгиледи.
Акырында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети бул мыйзам долбоорун чийки деп эсептеп, күн тартибинен алып салуу чечимин кабыл алды.
Булак: NazarNews.kg