www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Керемет банк" ишине тиешеси бар УКМКнын эки кызматкери Бишкек СИЗО-1ге киргизилди. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Эки чалгынчы тең эки айга камакка алынды.

Маалым болгондой, кармалгандардын бири УКМКнын борбор калаа боюнча башкармалыгынын коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, экинчиси ошол эле башкармалыктын ыкчам кызматкери.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)», «Алдамчылык» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Көзөмөл органынын тергөөчүлөрү банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Максат Дадыбаевди, банктын эки кызматкерин, ошондой эле Бишкек филиалынын директорун кармашкан. Коллегиянын жетекчисинин орун басары борбордогу гарнизондун гауптвахтасына, калгандары Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жайгаштырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости