www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезек Пирматовдобу?

Кээ бир имиш кептерге караганда депутат Пирматовдун үстүн кара булут айланып калганы маалым болду. Кара булут акыркы кездерде жем корлукка берилип, ашыкча тоюп алгандардын үстүн айлана баштады. 

Тээ 39-жылдары эл душманы аталып күнөөсү жок камалгандардын элеси эмнегедир азыр кайталангансыйт. Алар ак жеринен камалса, азыркы кыйынчыкмалар ашыкча жеп-ичип  алышканы себеп болуп жатат. Айтмакчы жакында эле Зилалиев  чектен ашык байлык топтой коём деп, эл караган бети жер карады эле, эми минтип кезекте Пирматов мырза сурак бергени калган өңдүү.

“Алгандын бергени бар” демекчи, бул жалганда эмне болгон күндө дагы ашыкча нерсе өкүнүч алып келээри чындык. Андыктан элдин ырыскысына кол салып, чартаңбай тээп көпкөндөрдүн жооп берчү кезеги эми келди көрүнөт. Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби ажо сөзүнө туруп акырындык менен уурулардан, ой, жемкорлордон деп жымсалдап айталычы, арылуунун жолун таап жатканын байкасак болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости