www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Америка өлкөсү Венесуэлада маймыл чечегинин биринчи учурунун катталганы кабарланды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Венесуэланын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Твиттер баракчасында, бул учурдун борбор калаа Каракастагы Симон Боливар эл аралык аэропортунда текшерүү учурунда аныкталганы айтылды.

Бейтаптын дароо изоляцияга алынганы белгиленген билдирүүдө: «Испаниянын борбор шаары Мадридден өлкөгө кирген бейтап Барселонада эки киши менен байланышта болгон», - деп маалымдалды.  

Эндемикалык вирус себептүү сейрек кездешүүчү оорулардын бири катары белгилүү болгон маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп экиге бөлүнөт.

Белгилүү болгондой, вирустун Конго штаммы 10 пайызга чейин өлүм коркунучуна ээ, ал эми Батыш Африка түрү ар бир 2 учурдун биринде 1 пайызды түзөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, кээде адамдан адамга жугуучу вирус дене табын көтөрүп, кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.

 

Последние новости