www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында AFC Awards Riyadh 2025 аттуу салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия футбол конфедерациясы (АФК) континенттеги футболдун өнүгүшүнө зор салым кошкон жыл ичиндеги мыкты оюнчуларды, машыктыруучуларды, калыстарды, улуттук жана аймактык футбол ассоциацияларын сыйлады.

Кыргыз футбол биримдигинин атынан аталган иш-чарага КФБнын Биринчи вице-президент Нурдин Букуев, Вице-президент Дастан Конокбаев жана башкы катчы Медербек Сыдыков катышты.

Сауд Аравияда алгачкы ирет өткөн бул 29- мыктыларды сыйлоо аземи, Азия футболунун эң мыктыларын бириктирген өзгөчө майрамга айланды.

АФКнын 2025-жылдагы мыкты оюнчусу наамын Сауд Аравиянын “Al Hilal SFC” клубунун жылдызы Салем Аль-Даусари алды. Ал эми кыз-келиндер арасында мыкты футболчу наамына Япония курамасынын 25 жаштагы коргоочусу Хана Такахаши ээ болду.

Түндүк Корея курамасынын чабуулчу айымы Чхве Иль Сон АФКнын жылдын жаш футболчусу деп табылды, ал эми Австралиялык Алекс Бадолато эркектер арасында жылдын жаш оюнчусу аталды.

АФКнын жылдын машыктыруучусу наамы эркектер арасында Түндүк Кореянын U-20 курамасынын башкы машыктыруучусу Ри Сон Хого, ал эми аялдар арасындагы мыкты машыктыруучу наамы ирандык Марзия Джафариге ыйгарылды.

Футзал боюнча АФКнын 2025-жылдагы мыкты оюнчусу наамына ирандык Салар Агапур ээ болду.

АФК ошондой эле улуттук жана региондук футболдук уюмдардын жетишкендиктерин белгиледи. Сауд Аравия футбол федерациясы (SAFF) “Жылдын ассоциациясы (Платина)” сыйлыгын алды. Футбол федерациянын Джидда шаарындагы AFC Elite™ Лигасынын финалын жана Азия кубогу U-17 турнирин жогорку деңгээлде өткөргөндүгү баса белгиленди. Таиланд футбол ассоциациясы (FAT) экинчи ирээт “Жылдын ассоциациясы (Бриллиант)” сыйлыгына татыды. Гонконг футбол ассоциациясы (HKFA) “Алтын” сыйлыгын алды, ал эми Лаос футбол федерациясы (LFF) “Рубин” наамына ээ болду. АСЕАН футбол федерациясы (AFF) болсо “АФКнын региондук ассоциациясы” деп табылды.

Салтка айлангандай, бул жолу да массалык футболду өнүктүрүүгө чоң салым кошкон ассоциациялар сыйланды. Бириккен Араб Эмираттарынын футбол ассоциациясы алтын сыйлыкты, Малайзия футбол ассоциациясы күмүштү, ал эми Бангладеш футбол федерациясы коло сыйлыгын алды. Алар балдар, аялдар жана жаштар арасында футболду өнүктүрүүгө багытталган ири программаларды ийгиликтүү ишке ашырып келишүүдө.

AFC Awards Riyadh 2025 аземи Азия футболунун жетишкендиктерин жана биримдигин даңазалаган маанилүү окуя болду. АФК футболду бардык деңгээлде — профессионалдык лигалардан баштап массалык спортко чейин — өнүктүрүү жана континент боюнча миллиондогон күйөрмандарды бириктирүү максатын көздөөрүн айгинеледи.

Последние новости