www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага «Томагавк» ракеталарын берүү маселесинин убактылуу токтотулушу, бул жөн гана техникалык же дипломатиялык токтоо эмес, бул чоң геосаясий оюндагы олуттуу бурулуш. Бул чечимдин артында бир нече маанилүү фактор жана кызыкчылыктар турат. АКШнын позициясы күтүүсүз өзгөрүп, бул маселе боюнча мурда жасалган билдирүүлөр кайра карала баштады.

Эмне үчүн?

АКШ президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин телефондон сүйлөшүүсүнөн кийин Киевге алыскы аралыктагы “Томагавк” ракеталарын берүү маселеси күтүүсүз токтотулганы таң калтырбай койбойт. Саясатта кокустук жок. Бул чечим Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы катары каралышы мүмкүн.

Дал ушул сүйлөшүүдөн кийин Трамп, мурдагыдай бекем чечимден тайып, бул ракеталар “АКШнын өзүнө да керек” деп билдирип, өз позициясын өзгөрттү. Бул анын Украинага болгон мамилесинин өзгөргөнүн даана көрсөтөт. Мындан улам, кандай өңүттөгү саясий оюндар жүрүп, эмне болгон сырдуу сүйлөшүүлөр орун алды деп баш катыргандар арбын. 

Ырасында, Киев режими өзүнүн чектен чыккан талаптары менен дүйнөлүк коомчулукту тажатып бүттү. Украина жетекчилиги ар дайым «оор курал, абадан коргонуу системаларын, ракеталарды» талап кылып келет. Эң кейиштүүсү, бул талаптардын аркасында чыныгы стратегиялык пландар, коопсуздук кепилдиктери жок экени байкалат. АКШ мындай куралдарды жөн гана берип коюп, алар кандай пайдаланылат, кандай максатта колдонулат деген так маалыматка ээ эмес. Муну Трамп ачык айтып өттү.
Андыктан АКШ жетекчилиги Украина бул ракеталарды кандайча колдонорун түшүнбөсө, андай мамлекетке мындай курал берүү жоопкерчиликсиз кадам болмок. Бул Батыштын өзүнө да кооптуу.

Россиянын “Томагавк” сыяктуу ракеталарды Украинага берүү чыр-чатакты дагы күчөтөт деп эскерткени жүйөлүү. Москва кооптуу куралдар Европа континентиндеги коопсуздукка түз коркунуч жаратарын айтып келет. Жөнөкөй логика менен да караганда, чыныгы согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка америкалык канаттуу ракеталарды жеткирүү тынчтыкка эмес, кандуу жаңжалга алып барат. Демек, Россиянын коопсуздукка багытталган, дүйнөлүк жаңжалдарды болтурбоо максатында алдын-ала айтылган эскертүүсү реалдуу.

Ушул жерден дагы бир көңүл бура турчу нюансты белгилей кетүү зарыл. Украинанын президенти Зеленскийди АКШга жасаган сапары шылдыңга кабылды. Аны Вашингтондо учактагы өз экипажы тосуп жатканы дипломатиялык деңгээлде саясий изоляцияны билдирген сигнал десек жарашат. Мындай деңгээлдеги лидердин расмий сапарында америкалык бийлик өкүлдөрүнүн жоктугу, Киевдин Вашингтондун колдоосунан ажыраганын туюнтат. 

Тактап айтканда, Украинаны колдоодон Америка тажап, чарчай баштаганы айкын болду. Томагавк маселеси — бул чоң геосаясий таймаштын көрүнүктүү мисалы. Бирок ал Украина үчүн эмес, АКШ менен Россия үчүн маанилүү. Киев болсо бул оюнда жөн гана фигура. Ал фигура кандай колдонулары чоң саясатчылардын чечимине көз каранды.

Последние новости