www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен жолугушууда ага Украинадагы жаңжалды токтотуп, тынчтык келишимине жетишүү керектигин айтты. Бул тууралуу америкалык лидер 17-октябрда Truth Social социалдык тармагына жазды.
"Мен ага келишим түзүүгө убакыт келди деп айттым!", -деп жазды Трамп.
Буга чейин Трамптын Зеленский менен жолугушуусу аяктаганы кабарланган. Америкалык лидер дароо эле Ак үйдөн тик учак менен Флоридага жөнөп кеткен.
Трамп Украинадагы жаңжалды Tomahawk ракеталарын колдонбостон токтотууга үмүттөнөрүн билдирди. Анын айтымында, аталган ракеталар жана учурда Киевге берилип жаткан башка бир катар куралдар АКШнын өзүнө керек.