www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразия университетинин мурдагы ректору коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, атайын кызмат жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында аталган окуу жайды текшерген. Натыйжада мугалимдер сабактарга жана экзамендерге катышпаган студенттерге баа коюп, документтерди бурмалоого катышканы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 19 окутуучу мыйзам бузууга аралашканы такталып, алардын төртөө кармалган. Кармалгандардын арасында ЖОЖдун мурдагы ректору, учурда Жусуп Баласагын атындагы КУУда иштеген С.М.А. дагы бар", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.