www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы жай айларынан бери үзгүлтүксүз өсүүдө. Айрым бензин түрлөрү июн айына салыштырмалуу 10-12 сомго кымбаттап, дизелдин баасы да акыркы айларда олуттуу жогорулады. Бул көрүнүштү бийлик өкүлдөрү негизинен Россиядагы мунай кайра иштетүүчү заводдордун иштебей калышы менен түшүндүрүп жатышат. Бирок бул жагдай, өлкөнүн экономикасына олуттуу таасирин тийгизип, инфляция өсүп, карапайым жарандардын күнүмдүк турмушу үчүн олуттуу көйгөйгө айланып баратат.

Чынында Кыргызстандын экономикасы Россиядан ташылган күйүүчү майга көз каранды экени талашсыз. Натыйжада, бензин-солярканын баасынын өсүшү менен транспорт чыгымдары жогрулап, ал жагдай азык-түлүк жана башка негизги товарлардын наркынын кымбатташына алып келүүдө. Баанын кескин көтөрүлүшү өндүрүшкө жана логистикага да терс таасир берип, чакан жана орто бизнес секторлору жабыр тартууда. Андыктан өлкөдөгү инфляцияга күйүүчү майдын баасынын кымбатташы түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. 

Белгилей кетчү жагдай, күйүүчү майдын баасынын жогорулаганы социалдык чөйрөдө дагы нааразычылыктарды күчөтүп жатканы факт. Мындан улам, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев күйүүчү майдын баасына болгон көзөмөлдү күчөтүү жана стратегиялык резервдик корду сактоо боюнча тапшырмаларды берип, чукул чара көрүүгө өттү. Бул кадамдар рынокто туруктуулукту сактоо жана баанын тез көтөрүлүшүн алдын алуу максатын көздөйт. Бирок мындай абал көйгөйдү түп-тамыранан чечпейт. 

Себеп дегенде, маселени чечүү үчүн Кыргызстанга мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу, альтернативдүү энергия булактарына басым жасоо жана импорттоочу тараптар менен туруктуу кызматташууну өнүктүрүү сыяктуу узак мөөнөттүү стратегиялар зарыл.

Дегенибиз, күйүүчү майдын кымбаттоосу – бул жөн эле баа маселеси эмес, бүтүндөй экономика менен коомдун туруктуулугуна тиешелүү комплекстүү көйгөй. Анын кесепеттери ар бир үй-бүлөдө сезилип, өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат. Андыктан Кыргызстан энергетикалык көз карандылыктан кутулуу үчүн кайра жаралуу энергиясын өнүктүрүү жана ички ресурстарды эффективдүү пайдалануу жаатында олуттуу кадамдар жасашы зарыл.

Последние новости