www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинада адамдын тек жайын аныктаган документтерге аял-эркектен сырткары “үчүнчү жынысты” киргизүү үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ал документтерде “Х” тамгасы менен белгиленет.

Бул тууралуу өлкөнүн президенти Альберто Фернандес билдирди.

"Мамлекет үчүн аял же эркек, алардын сексуалдык ориентациясы маанилүү эмес. Алардын окуганы, иштегени, эмделгени жана салык төлөгөнү маанилүү", - деди Фернандес .

Президенттин айтымында, буга чейин эле эркек менен аялдан башка дагы иденттүүлүк дайыма болуп келген. Болгону анын баары кезинде жашырылган.

“Бул маселени көтөрбөй коюп, биз миллиондогон адамдарды бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратабыз”, – деди президент.

Аргентинада ЛГБТга жана башка гендердик өзгөчөлүктөргө карата либералдуу мыйзамдар иштейт.

Буэнос-Айрес 2002-жылы бир жыныстагылардын жана ар кайсы жыныстагы адамдардын жарандык союзун мыйзамдаштырган Латын Америкасындагы биринчи шаар болгон. 2010-жылдан бери бир жыныстагылардын никесине уруксат берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости