www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор жана боксчу Флойд Мейвезер менен беттешсе 180 миллион евро гонорар берилери айтылды. Бул тууралуу Р-Спорт The Sun басылмасына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, беттештерди өткөрүү сунушу менен Хабибдин агентине саударавиялык миллиардерлер кайрылган. Алар эки кармаш тең Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүшү керектигин айтышкан.

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун биринчи беттеши 2018-жылдын октябрь айында болгон. Анда россиялык мушкер каршылашын жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган. Быйыл 18-январда Лас-Вегаста өткөн турнирде Макгрегор америкалык Дональд Серронени нокаут менен жеңишке ээ болду.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 18-апрелде Нью-Йоркто UFC 249 турниринин алкагында Тони Фергюсон менен беттешээри маалым болгон.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости