www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайда кылмышка шектүү асынып алганына байланыштуу Жазык кодексинин 331 («Шалаакылык») беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, козголгон ишти УКМКнын облустук башкармалыгы териштирип жатат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-январында убактылуу кармоочу жайдагы 43 жаштагы кылмышка шектүү асынып алган. Сөөккө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын кара жипке асынып алганы жана денесинде так жок экени аныкталган.

Маркум милициянын мурдагы кызматкери болгондуктан, камерада жалгыз кармалып турган. Ага Жазык кодексинин төрт беренеси - «Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү мыйзамсыз даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу», «Ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзмөктөрдү мыйзамсыз алуу, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү», «Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу же жөнөтүү», «Каракчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Райондук сот кылмышка шектүүнү жети жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарган. Учурда апелляциялык даттануу Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткан. Ал 2002-2006-жылдары ички иштер органдарында иштеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости