www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган Маркл Лондондон Лос-Анджелеске көчкөндөн кийин аларга окшош түгөйлөр жумушунан кол жууп калышты. Бул тууралуу The Sun басылмасына таянып "Известия" кабарлады.

Маалыматка ылайык, болжол менен үч жыл мурда Гарри менен Меган баш кошкон соң аларга окшош түгөйлөр дүйнө жүзүн кыдырып, белгилүү жубайлардын өзүндөй жүрүүгө аракет кылышкан. Бирок Меган менен Гарри Лос-Анджелеске көчүп барары менен беркилердин ишсиз калганы айтылды.

​26 жаштагы Фредди Мэрлоу өзүн Гарриге окшош деп эсептейт. Чачы да, сакалы да сары, Мэрлоунун сүйлөшкөн кызынын дагы Меган Марклга окшоштугун  башкалар байкай башташкан.

"Белгилүү жубайларга окшош адамдар Мэрлоу университетте окуп жүргөндө фотосессия кылып, акча таба башташкан. Алгач бул жумушун олуттуу деле кабыл алган эмес. Азыр ал модель агенттиктеринин биринде иштейт, бирок иши суроо-талапка ээ болбой калды", — деп айтылат маалыматта.

Лондондун түштүгүнөн болгон 39 жаштагы Даниэль дагы Меган Марклга окшош. Ал дагы кеңсе менеджери болуп иштейт. Даниэль белгилүү жубайлар жашаган жерин алмаштыргандан кийин жумушсуз калганын кошумчалаган. Бирок Мегандын экинчи ирет боюна бүтсө, балким кайра мурдагы жумушу жанданып кетмек деген оюн айткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости