www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттеги EgyptAir авиа компаниясы Каир-Лондон каттамы учурунда абада төрөлгөн наристеге өмүр бою акысыз учууга билет белек кылды. Бирок, компания берген билдирүү боюнча билетти бир гана Мюнхенге баруу үчүн колдонууга болот. Бул тууралуу yenisafak.com маалымат порталы жазды.

Каирден Лондонго учкан EgyptAir авиа компаниясына таандык учакта Хиям Насир Начи Даабан аттуу йемендик жаран абада көз жарды. Пилот жүргүнчүнү ооруканага жетиштирүү үчүн Мюнхенде шашылыш конууга аракет кылса да, наристе учакта жарыкка келди.

Египет холдинг компаниясынын президенти Рушди Зекерия эне-баланы куттуктап, ымыркайга өмүр бою акысыз учуу мүмкүнчүлүгүн берерин жарыялады.

Компаниянын Twitter социалдык баракчасында жарыяланган билдирүүдө: “Египет холдинг компаниясынын президенти Рушди Зекерия, Йемендик Хиям Насир Начи Даабанды аман-эсен көз жарып алышы менен куттуктап, абада төрөлгөн наристеге өмүр бою акысыз учуу билетин белекке берди”, - деп айтылат.

Ошентсе да, компания жасаган билдирүүдө билетти учак конууга аргасыз болгон Мюнхен шаарына баруу үчүн гана колдоно алаары баса белгиленди.

 

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости