www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бийлик Кыргызстандагы ФЕТО уюмунун ишин көзөмөлгө алуу керек», - деди бүгүн, 12-июлда NazarNews маалымат агенттигине Хашим Зайналиев.

- Орхан Инандынын тегерегиндеги чырды неге мынча резананстуу болду. Ал чын эле кооптуу адамбы же аны бир жактуу каралоо күч алдыбы?

- Орхан Инандын жоголуусунун айланасындагы чыр президент Садыр Жапаровду сестентип койду. Бул ишти ФЕТОчулар уюштуруп, алар Кыргызстанда саясий бир күч боло баштаганын далилдеп беришти. Ошондуктан кыргыз бийлиги Кыргызстандагы ФЕТО уюмунун ишин көзөмөлгө алуунун зарылдыгы келип чыкты. Дин ишениминдеги мусулман коомчулугу үчүн ФЕТО Ислам цивилизацияны бириктирүү идеясына чакырган, диндин бирдиктүүлүгүн жана бүтүндүгүн бузган, динге жаңылыктарды киргизген - агым.

Ошондуктан ФЕТОдон бир гана мамлекеттик коопсуздукка гана эмес, динге да залакасын тийгизе турган агым. Бийлик Кыргызстанда тынчтык жана стабилдүүлүк болсун десе, анда ФЕТОнун иштөөсүнө тыюу салып, анын материалдык, финансылык жана башка каражаттарын мамлекетке өткөрүп алуусу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости